Рахатбекова Перизат Рахатбековна

    Рахатбекова П.Р.,
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КАЛКТЫН ИШКЕР ЖАНА ИШКЕРДҮҮЛҮККӨ КАРАТА МАМИЛЕСИ: БИШКЕК ШААРЫНЫН МИСАЛЫНДА
Страницы:63-68      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/ВК-1694-7711-2020-1-63-68

Жалпы коомдун өнүгүшүн жана жарандардын жашоо сапатынын жогорулоосуна шарт түзө алган ишкердүүлүк илимий жактан көпчүлүктү кызыктырган актуалдуу темалардын бири. Мындан улам бул жаатта эл аралык жана жергиликтүү илимпоз жана изилдөөчүлөр тарабынантеориялык жана эмпирикалык эмгектер жасалып келет. Бул жердеги кызыгуу жараткан нерсе – ишкерлердин коомдогу аткарган ишмердиги, функциялары дээрлик бардык коомдордо салыштырмалуу бирдей болсо дагы, алардын жергиликтүү калк тарабынан кабыл алынуусу жана аларга карата мамилеси бирдей эмес болушу мүмкүн. Ошол себептен “Жергиликтүү калктын ишкер жана ишкердүүлүктү кабыл алуусу жана аларга карата мамилеси” аттуу тема кызыктуу жана актуалдуу илимий темалардын бири болуп саналат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй өнүккөн, өнүгүп келе жаткан жана аз өнүккөн коомдордо ишкер жана ишкерлерге карата мамилесинде жана аларды кабыл алуу деңгээлинде айырмачылык байкалат. Ал эми Кыргызстан сыяктуу жетимиш жылдан ашык пландык экономика шарттарында иш алып барган, 25 жылдан ашык гана рыноктук экономика тажрыйбасына ээ өлкөдөгү жергиликтүү коомчулуктун ишкерлер категориясына жана жалпы ишкердүүлүккө карата мамилесин изилдөө - бул макаланын негизги максаты болуп саналат.

Полный текст