Куттубекова В. М.
ЧҮЙ ЖАНА ТАЛАС ӨРӨӨНДӨРҮНДӨ ХХ КЫЛЫМДЫН 60-90-ЖЫЛДАРЫНДА АЙЫЛДА ЖАШАГАН КЫРГЫЗ ҮЙ-БҮЛӨӨЛӨРҮНҮН ТАМАК-АШ МАДАНИЯТЫНЫН ӨНҮГҮШҮНӨ ДЕМОГРАФИЯЛЫК ПРОЦЕССИНИН ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Сунушталынган макалада Чүй жана Талас өрөөндөрүндө ХХ кылымдын 60-90-жылдарында кыргыз үй-бүлөлөрүнүн тамак-аш маданиятынын өнүгүшүнө демографиялык жараяндардын (процесстердин) тийгизген таасирлери статистикалык жана талаада чогултулган этнографиялык маалыматтардын негизинде талдоого алынган. Аталынган булактардын негизинде Чүй жана Талас аймактарынын айыл жерлеринде жашаган кыргыз үй-бүлөлөрүнүн тамак-аш маданиятынын өнүгүшүнө шаардык тургундардын жана башка элдер менен болгон этномаданий байланыштардын тийгизген таасирлери тастыкталган.