Жумадилова Н. С.
НАКЫЛ СӨЗДӨР ЖАНА АЛАРДЫН ИЗИЛДЕНИШИ
Бул макалада кыргыз тилиндеги накыл сөздөр, макалдардын пайда болушу, алардын түрк элдеринин накыл кептери, макал-лакаптары менен болгон окшоштуктары, алардын изилдениши, окутуу-тарбиялоодогу ролу тууралуу маселелерди иликтөөгө аракеттер жасалды. Профессор Х.Карасаевдин кыргыз тили илимине жана анын этимологиясына кошкон салымы жөнүндө баяндалат.
НАКЫЛ КЕПТИН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ
Тарбия берүүдө элдик макал-лакаптардын, накыл сөздөрдүн маани-маңызын окуучуларга түшүндүрүүнүн мааниси чоң. Бул илимий макала кыргыз элинде элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүсү болгон макал-лакаптар, накыл сөздөр, залкар ойлор жана улуу акылман инсандар тууралуу жана окуучулардын сөз байлыгын өстүрүүдөгү накыл сөздөдүн ролу, орду тууралуу сөз болмокчу.