Джакыпов К. К.
ЭСТЕТИКАЛЫК ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨГҮ МУЗЫКАНЫН РОЛУ

Бул макалада автор белгилүү педагогдордун пикирлерине таянуу менен ааламдаштыруу шартында жаштардын ой-жүгүртүүнү талап кылбаган жеңил музыка угууга басым жасоосуна каршы туруучу бирден бир каражат катары музыкалык-эстетикалык тарбия берүүнүн илимий-практикалык жактан таасирдүү, методикалык жактан жабдылган системасын карама-каршы коюуну сунуштап, ар бир улуттун кылымдардан сакталып келген салттуу музыкасынын тарбия берүүдөгү алмашкыс ордун белгилейт.