Токтакун кызы Гүлнура

    Токтакун к.Г.,
КОЛОНИЯЛЫК ДООРДОГУ КЫРГЫЗДАРДЫН СОТ СИСТЕМАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ (XIX к. экинчи жарымы - XX к. башы)
Страницы:7-14      Язык:  lorem    DOI:

Сот бийлигинин тарыхын изилдөө жана аны реформалоо Кыргызстандын эгемендүүлүк доорундагы орчундуу маселелердин бири катары актуалдуулукту жаратууда. Соңку жылдары сот бийлигин реформалоо боюнча кабыл алынган чечимдер, аткарылып жаткан иш-аракеттерге карабастан аталган тармактагы реформа иштери өзүнүн оң натыйжаларын бербей келүүдө. Ошондуктан макала кыргыз элинин сот системасынын тарыхын изилдөөну максат кылып, изилдөөнүн методологиялык негизин илимий объективдүүлүк, тарыхый, социалдык принциптер түздү. Илимий изилдөөнүн объектисине жараша тарыхый-салыштырмалуулук, тарыхый-генетикалык, хронологиялык, проблемалык-хронологиялык методдор колдонулду. Макалада камтылган илимий жоболор менен көз караштарды, изилдөөнүн жыйынтыктарын Россия империясынын кыргыздардагы сот системасынындагы реформалардын жүрүшүн, анын негизги этаптарын, кыргыз элинин коомдук-саясий турмушуна тийгизген таасирин, кесепеттерин, тарыхый, тарыхнаамалык жактан толуктай алат. Изилдөөнүн маалыматтарын жана жыйынтыктарын атайын курстарды, окуу-методикалык колдонмолорду даярдоодо пайдаланууга болот.

Полный текст

    Токтакун к.Г.,
1916-ЖЫЛДАГЫ УЛУТТУК-БОШТОНДУК КӨТӨРҮЛҮШТҮН НЕГИЗГИ СЕБЕПТЕРИ ЖАНА АНЫН ТАРЫХЫЙ МААНИСИ
Страницы:63-67      Язык:  lorem    DOI:10.33514/ BK-1694-7711-2022-2(1)-63-67

Бул макалада 1916- жылкы көтөрүлүштүн негизги себептери жана  Кыргызстандагы ири улуттук-боштондук кыймыл болуу менен катар кыргыз элинин коомдук-саясий турмушундагы эң маанилүү окуя болгондугу чагылдырылат. 

Полный текст