Джунушалиева Гульгакы Джайчиевна
САНДЫК ИДЕЯ ДҮЙНӨ ТААНУУНУН БИР БАГЫТЫ
Макалада логикалык сан жана өлчөм категориясын илимдин ар кандай багыттарында кароо мүмкүнчүлүгү берилет. Сандык маани жана өлчөм категориясы жекелик, көптүк, жалпылык, өлчөм, ченем ж.б. түшүнүктөрдү туюндурат. Сандык идеянын предмети көп кырдуу. Философияда сандык идея бүтүндүн бөлчөгү иретинде мейкиндик байланыштын курамдык бөлүгү катары жекелик жана көптүк мааниден турган форма. Математикалык билимдин өнүгүшү сандын пайда болуусунда маанилүү роль ойнойт. Мында баарынан мурун математикалык эсептөөлөрдү изилдөө негизги орунда турат. Ал эми лингвистикада сандык түшүнүк жана өлчөм мааниси тилдик каражаттардын структурасында изилденет. Сандык идея илимдин кайсы тармагында болсо да, кандай тилде болсо да калыптанган система.