Солпуева Асель Маликовна

    Солпуева А.М.,
КЫРГЫЗСТАНДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН АЛКАГЫНДА ЯПОНИЯНЫН ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК АГЕНТТИГИНИН (JICA) ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮҮ
Страницы:119-144      Язык:  lorem    DOI:10.33514/ВК-1694-7711-2021-1 (1)-119-144

Дипломатия эл аралык мамилелердин аныктамасы катары мамлекеттер менен өкмөттөрдүн арасындагы мамилелерди жаратуучу, жөнгө салуучу жана орнотуучу тышкы саясий инструмент болуп саналат. Ал эми 21-кылымдын жаңыча дипломатиялык түшүнүгү болсо коомдук дипломатия экени анык.

Эл аралык мамилелер салттуу дипломатиянын ар кандай аспектилери сыяктуу коомдук пикир, саясий уюшмалар менен коомчулуктун ортосундагы эки тараптуу баарлашуу тышкы саясаттын калыптанышына жана жүргүзүлүшүнө кылган таасири натыйжасында коомдук дипломатия жаралат. Акыркы аныктамаларга ылайык коомдук дипломатия башка өлкөлөрдүн элдерине карата классикалык дипломатиялык ыкмалардан тышкары, максатталган кабылдоону жаратуу, аны өлкөнүн кызыкчылыктарына ылайыкташтыруу максатында кабыл алынган, жалпысынан каалаган натыйжаны камсыз кылган процесс болуу менен бирге, узак мөөнөткө чейин пайда берүү жана бренд / имиджди башкаруу, кабылдоону башкаруу, коомдук мамилелер, эл аралык дипломатия сыяктуу чөйрөлөрдө ар кандай жол менен илгерилөө болуп саналат.

Бул макаланын изилдөө предмети - коомдук дипломатия, башкача айтканда, Жапониянын Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (JICA ((https://www.jica.go.jp/english/index.html)) Кыргыз Республикасында 2000-жылдан 2019-жылга чейинки он тогуз жыл аралыгындагы өнүгүү кызматташтыгы. Изилдөө процессинде 1993-жылы Кыргыз Республикасында ишмердүүлүгүн баштаган Япония өлкөсүнүн коомдук дипломатиясынын өзгөчөлүктөрү, ишмердүүлүгүнүн мүнөздөмөлөрү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стратегиясы менен салыштыруу таблицасы талданган.

Полный текст