Айдаров Азамат Жекшенбаевич
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭКОЛОГИЯЛЫК АҢ СЕЗИМДИН КАЛЫПТАНУУСУНУН ЗАМАНБАП ШАРТТАРЫ
Азыркы учурда жаратылыш менен адамзаттын байланышы курч маселелердин бири болууда. Узак убакыттар бою жаратылышка зыян тийгизүү, анын жашоо мыйзамдарынын бузуу, жаратылышка туура эмес мамиле жасоонун жыйынтыгында бүткүл планетаны, экологиялык орду толгус терс кубулуштарга алып келди. Ошол себептүү жалпы коомчулука “экологиялык проблема” түшүнүгү кирди. Бул нерселер мамлекеттин баардык түзүмдөрүн, башкаруу тармактарын, экологиялык маселелерди чечүүдө конкреттүү чараларды колдонууга милдеттендирет.Мына ушундай шартта, экологиялык аң сезимди калыптандыруу жана изилдөө маселеси, адамзаттын жана жаратылыштын, адам менен адамдын мамилесин күчөтүүнү талап кылат.