Тизекбаева Айша .

    Тизекбаева А...,
ЖАЗУУ ЖАНА АНЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ
Страницы:80-84      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/ BK-1694-7711-2021-1 (2)-80-84

Бул эмгекте, жазуу-сөздүн айрым элементтерин-бүтүндөй билдирүүлөрдү, айрым сөздөрдү, муундарды жана үндөрдү жеткирүүчү графикалык белгилердин же сүрөттөрдүн жардамы менен жүзөгө ашырылган, сөздү аралыкка берүү же өз убагында белгилөө үчүн эң маанилүү каражат экендиги терең изилдөөгө алынган. Жазуунун дүйнөлүк өнүгүшү тилдин майда элементтерин барган сайын жазуу белгилери аркылуу жеткирүү багытында жүргүзүлуп жатканы айтылат. Ошол эле учурда, жазылган белгилер баштапкы сүрөт мүнөзүн жоготкондугун мисалдар менен келтирилген. Жазуу башталганга чейин, адамзат заттар буюмдар жана жаныбарлар аркылуу келтирилген мисалдар изилдөө алынаарлык илим экендигинен кабар берет. Эмгектин негизги максаты-дүйнөлүк жазуунун өнүгүү тарыхын жана алгачкы документтердин пайда болушун карап чыгуу негизги милдети экендигинен кабар берет.

Полный текст

    Тизекбаева А...,
КЫРГЫЗДАРДЫН КОНОК КҮТҮҮ САЛТЫН ИЗИЛДӨӨ
Страницы:85-92      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/ BK-1694-7711-2021-1 (2)-85-92

Ар бир эл, эл болуп отурукташкандан баштап, алардын салт-санаасы, үрп-адаты калыптана баштайт. Орто Азиядагы эң байыркы отурукташкан элдердин бири-бул кыргыз эли. Ошондуктан, кыргыз элинин фольклордук бай мурасы дүйнөдө теңдеши жок “Манас” эпосу жаралган. Ошол эпосубузда, кыргыз элинин байыркы тарыхы, салты, философиясы, табият таануусу, дүйнө таануусу, географиясы, армиясы, мамлекеттик атрибуттары, ар бир уруунун эн тамгасы, жана ошол салттардын ичинен конок тосуу маданияты эрте орто кылымдарда эле калыптанып, “Манас” эпосунда маданиятыбыздын бул тармагы тууралуу айтылып калган. Салттардын калыптануусунан улам, биз ошол элдин байыркылыгын, түптүүлугүн жана өзүнчө бай мурасын, конок тосуу жөнүндө эл ичинде айтылып калган миф, легендалардын, санжыралардын өтө көп түрлөрүн байкоого болот. Ушул жагдайы да аталган эмгекте камтылды.

Полный текст