Муктарбекова А. С.
КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН СӨЗДҮК КУРАМЫ ЖАНА ТЕМАТИКАЛЫК ТОПТОРГО БӨЛҮНҮҮСҮ
Тил – жандуу система. Себеби, жаңы сөздөр кирип, эски сөздөр колдонудан чыгып ар дайым кыймылда. Коомдун өнүгүшүнө ылайык жаңы технологиялардын пайда болушу менен улам жаңы түшүнүктөр, аталыштар тилдин лексикалык корун байытып келери белгилүү. Бул макалада кыргыз тилинин журналистикасындагы сөздөрдүн тематикалык топторго бөлүнүүсү жазылды. Себеби, ар бир тармакка тиешелүү сөздөрдүн бөлүүнүсү ошол кесиптин адамдары үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Кыргыз басма сөзүнүн тармактарына жараша топторго бөлүндү. Ар бир топко тиешелүү сөздөр жазылды. Айрым сөздөрдүн кайсы тилден киргени каралды. Жыйынтыгында, азыркы күндөгү кыргыз журналистикасынын эң активдүү колдонулуп, эң көп сөздөр кирген, тармагы аныкталды.