Жумалиева В. Б.
ЭС ТУТУМ: ЭСТЕН ЧЫГАРЫЛГАН ИНСАНДАР: ТОКО АБДРАХМАНОВ
Бул макалада коомчулукка белгисиз мамлекеттик ишмер Токтомамбет (Токо) Абдрахманов жөнүндө маалыматтар камтылды. Ал көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун бир тууган иниси болгон. 1930-жылдары мамлекеттик пландоо комиссиясында иштеп, күнөөсүз күнөөлөнүп, саясий репрессиянын курмандыгы болгон.