Ботобеков А. А.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФАРМАЦЕВТИКА ТАРМАГЫНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ
Заманбап фармацевтикалык тармак клиникалык практикада колдонуу жөнүндө чечим кабыл алууда далилдүү медицинанын жана дары - дармек каражаттары фармакоэкономикалык баалоонун жетишкендиктерин киргизүү менен мүнөздөлөт. Азыркы учурда дары-дармек каражаттарын каттоодо фармацевтикалык компаниялар алардын терапиялык таасиринин натыйжалуулугун гана эмес, ошондой эле баанын пациентке препараттын оң таасирине ылайыктуулугун, ал эми рынокто окшош дары - дармек каражаттары бар болсо – бул препараттын аналогдорго салыштырмалуу артыкчылыктарын далилдеши керек.