Сакыбаева Ж. Д.

    Сакыбаева Ж.Д.,
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН ӨНҮГҮШҮ ЖАНА АЛАРДЫН КООМДУК ПРОЦЕССТЕРГЕ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРЛЕРИ
Страницы:76-84      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/ВК-1694-7711-2022-1 (1)-76-84

Ааламдашуу доорундагы маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен кыргыз журналистикасы маалыматтарды даярдоонун, таркатуунун интенсивдүү жолдорун өздөштүрүү аркылуу улам бир жаңы баскычка көтөрүлүп, жаңылануу жолунда тынымсыз изденүүдө. Заман талабына жараша жарандык коомчулуктун мамлекеттик саясатка, өлкөнүн ар тараптан өнүгүү багыттарына жана коомдогу оң жана терс жагдайларга түздөн-түз кийлигишүүлөрү тикелей ММКлардын, социалдык медиа тармактардын жардамы аркылуу ишке ашып жатат. Акыркы мезгилдеги бир катар резонанстуу окуялардын чечилишине коомчулуктун кийлигишүүсү өзүнүн оң натыйжаларын берип жаткандыгы кыргыз элинин жарандык активдүүлүгүнөн кабар берет. Медиа тармагындагы аудитория менен тыгыз байланыш, тигил же бул коомдук процесстерде көпчүлүктүн пикирин эске алуу менен иш алып баруусу кандайдыр бир деңгээлде бийликтин демократиялык негиздерге таянып иш алып бара жаткандыгы катары кубаттоого арзыйт.

Полный текст