Шабданов А. ...

    Шабданов А...,
“НАЙМАН” ПОЭМАСЫ – МАДАНИЯТТЫН АҢ-СЕЗИМИ БОЛГОН МИНИ ЭПОС
Страницы:107-115      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/ВК-1694-7711-2022-1 (1)-107-115

Кыргыз адабиятын сынчыл көз караш менен изилдеген эмгектер жок эмес, бирок ошондой болсо да эгемендик жылдарындагы тема басаңдап калганы чындык.Өзгөчө акыркы он жылдын ичинде канчалаган адабий чыгармалар жаралды. Тилекке каршы аларды адабий сын көз караш менен анализдегендер өтө эле аз. Тарыхый доорубуздун адабияты менен учурдун заманбап адабиятын синхрондуу изилдөө бир жактан коомузбундун жашоо турмушун жакшыраак аңдоого жардам берсе, экинчи жактан жазуучу же акындын чыгармачылыгынын убагында бааланышына шарт түзөт. Коомубуздун белгилүү акыны Бактыгүл Чотурованын“Найман” поэмасы–социалдык турмушта биз жоготуп бара жаткан эң жогорку баалуулуктарды чагылдырган кийинки мезгилдердеги мыкты чыгарма.

Бул макалада акын Бактыгүл Чотурованын “Найман” поэмасын сюжеттик-композициялык, каармандардын типтик өзгөчөлүгү жана тема, идея, проблемасы жагынан сын көз караш мененкарап,анализдөөгө аракет жасалды.

Полный текст