Сабырова Гүлнура .
ТАРЫХ ИЗИЛДӨӨЛӨРҮНДӨ ДИСЦИПЛИНАЛАР АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТЫН МААНИСИ ЖАНА АЛАРДЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХЫН ИЗИЛДӨӨДӨ КОЛДОНУУ
Илимий изилдөө процессинде кайсы илим тармагы болбосун тигил же бул илимдин изилдөө методдорунан пайдаланат. Бул интердисциплиналык изилдөөлөрсоңку жылдарда дисциплиналар аралык изилдөөлөр методу деген аталыш менен өзүнчө тармак катары калыптанды. ХХ кылымдын башында европалык изилдөөчүлөр тарабынан түптөлүп жайылтылган бул метод Кыргызстандын илим тармагы үчүн жаңы методдордун бири десек туура болот. Макалада дисциплиналар аралык изилдөөлөрдүн келип чыгышы, өзгөчөлүктөрү жана аларды Кыргызстандын тарыхын изилдөөдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү изилденди.