Акматалиева Нурзат Замирбековна

    Акматалиева Н.З.,
ЭССЕ ЖАНРЫНЫН ПОЛУФУНКЦИОНАЛДУУЛУГУ
Страницы:3-10      Язык:  lorem    DOI:10.33514/BK-1694-7711-2022-2(1)-3-10

Бул макалада эссенин жанрдык өзгөчөлүктөрүн сүрөттөө маселелери талкууланат. Эссе жанрынын ар тарапта аткарган функциясы окумуштуулар тарабынан ой тологоолору аныкталып берилет. Көркөм, философиялык жана документалдык адабияттын чегинде турган бул жанрдын оргиналдуулугу ачылат. Эссе – адабият, публицистика жана илимдин кесилишинде жайгашкан жанр. Жазуучунун басымдуу жеке позициясын жайбаракат, кээде парадоксалдуу баяндоо менен айкалыштырган, оозеки кепке багытталган философиялык, эстетикалык адабий-сын публицистикасынын жанры катары каралат. Эссе илимий адабиятка өзүнүн предмети боюнча байланыштуу, ал ойдун бардык объектилерин, негизинен гуманитардык илимдерди бириктирет: философия, адабият теориясы жана сыны, эстетика, саясат таануу, социология жана башка философиялык ойду, башкача айтканда, дүйнөнүн жана адамдын эң жалпы жактары жөнүндө билимди билдирүү болуп саналат.

Полный текст