Баитова Фарида .

    Баитова Ф..., Асем И...,
«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ «ЭР ЖИГИТ» ИДЕАЛДАРЫ
Страницы:11-18      Язык:  lorem    DOI:10.33514/ BK-1694-7711-2022-2(1)-11-18

Cуверендүү Кыргыз Республикасынын келечеги биздин тарбияланып жаткан жаш муундарыбыздан кѳз каранды. Жаш муундарды туура багытта тарбиялоо жана билим берүү, ыйман-адебин, жүрүм-турумун, эс тутумун калыптандыруу маселелери заманбап педагогика илиминде дүйнѳлүк алкакта коюлуп келе жаткан эң актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын, ырым-жѳрѳлгѳлѳрүн, адеп-ахлактык жүрүм-турумун, эстетикалык табитин, жалпы эле рухий жана социалдык турмуштун ар кыл жактарын чагылдыруудагы эң баалуу энциклопедиялык булак «Манас» эпосу. Биз тандап алган илимий макалабыздын максаты жаш муундардын рухий жан дүйнѳсүн канткенде, кандай жолдор менен байытып калыптандырсак болот деген маселенин алкагында тандалып алынды. Изилденген материалдардын ѳзѳгүн «Манас» эпосундагы оң каармандардын  инсандык баалуулуктарынын  «эр жигит» идеалдарынын эң башкысы деп аталган сапаттар түздү. Эпикалык чыгармадагы башкы оң каарман Манас баатыр жана анын жанындагы жакын чоролору кантип калыптанышты же алардагы асылбаа сапаттар кудайдын кудуретинен жаралганбы деген суроонун алкагында эле изилдѳѳнүн натыйжасында бүтүндѳй кыргыз элинин, айрыкча эр азаматтарды жоокердик ишке калыптандырууда жана Ата мекенин коргоого даярдоодогу элдик мектеп менен кеңири таанышып чыгабыз.

Полный текст