Доолотбекова Гулжамал Султанбековна

    Доолотбекова Г.С.,
“МАНАС” ЭПОСУНДАГЫ СӨЗ ТҮРКҮМДӨРГӨ БАЙЛАНЫШКАН ДИАЛЕКТИЗМДЕР (С.ОРОЗБАКОВДУН ВАРИАНТЫ БОЮНЧА)
Страницы:18-26      Язык:  lorem    DOI:10.33514/ BK-1694-7711-2022-2(1)-18-26

Улуттук көрөңгөнү муундарга өткөрүп берүүдө манасчы С.Орозбаковдун айтуусундагы вариант уникалдуу табылгалары менен айырмаланып турат.Кыргыз диалектология илиминде грамматиканын морфология бөлүмүндөгү сөздүк составдын түзүлүшүндө диалектилик сөздөр боюнча   көркөм адабиятта жана   фольклордо    ар тараптуу изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. Аталган вариантта тактооч, сан атооч, сын атооч жана жөндөмө категориясына тешелүү болгон говорлордо кездешүүчү диалетилик сөздөр ыр саптарынын курулуш поэтикасына карай кандай шартта колдонулуш өзгөчөлүктөрү жана себептери тууралуу иликтенет.Көркөм тексттердеги диалектилик сөздөрдүн автор тарабынан колдонулуш деңгээли, ааламдашуу заманында көөнөргөн сөздөр менен катар кыргыз лексикасында диалектилик сөздөр унутта калбай жаңы багытта каралса деген ойду белгилейбиз. Манасчы С.Орозбаков көп аймакты кыдыргандыгы менен башка айтуучулардан айырмаланып, эпостун көркөмдүгүн артырууда көбүнчө аттама же шыдыр уйкаштыкты түзүү жана муун өлчөмүн сактоо аракетин көздөгөн. Жыйынтыгында лексиконундагы түрдүү сөз байлыктары тил илиминин диалектология  багытындагы  изилдөө обьектилеринин булагы болуп калды. 

Полный текст