Дуйшенбаев Папан Эргешович
ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН ДИНИЙ КӨЗ КАРАШТАРЫ
Макалада Чынгыз Айтматовдун көркөм жана публицистикалык чыгармаларындагы диний көз караштары талданып, жазуучу негизинен саясатта космополиттик көз караштарды карманса, ал дин маселесинде да жалпы адамзаттык кызыкчылыктарга артыкчылык берип, дүйнөлүк диндердин ассамблеясы тууралуу кыялы жөнүндө айтылат. Айтматов исламды тутунган үй-бүлөдө төрөлгөн, пайгамбарды “менин Мухаммедим” деген, чыгармаларында Курандын улуулугуна арналган саптар аз эмес, бирок ал жалпы адамзаттын кызыкчылыктарына артыкчылык берген. Диндер жана ишенимдер бири-бирине каршылашып, душман болбостон биримдикте, ынтымакта болуусун, жалпы адамдардын рухий, маданий жактан гүлдөп, өсүп өнүгүүсүнө кызмат кылуусун, ар бир аң сезимдүу адам бир диндин гана эмес, диндердин Ассамблеясынын мүчөсү болуусу жөнүндө кыялданган.