Омурзакова Гүлкайыр .
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНДА УЛУТТАР АРАЛЫК МАДАНИЯТКА ТАРБИЯЛООНУН ПЕДАГОГИКАЛЫК ШАРТТАРЫ
Тарбиялоо процессинде улуттар аралык баарлашуу маданиятын тарбиялоонун педагогикалык шарттарын аныктоонун зарылдыгы биринчиден тарбиянын бул багытынын жаңы социалдык-экономикалык шарттарга ылайык келген маңызын, мазмунун аныктоо жана тереңирээк түшүнүү үчүн, экинчиден, билим жана тарбия берүүчү мекемелер үчүн илимий жана методикалык сунуштарды иштеп чыгуу, үчүнчүдөн, тарбия ишинин натыйжалуулугун арттыруу менен тыгыз байланышкан.
КЛАССТАН СЫРТКАРКЫ ТАРБИЯЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮ УЮШТУРУУ КОМПОНЕНТТЕРИ
Мектеп ишмердүүлүгүнүн класстан сырткаркы чөйрөсү, эгер ал системалуулуктун милдеттүү белгилерине туура келсе: бүтүндөй уюмдун белгилүү бир максатка баш ийүүчүлүгүнө, бүтүндүүлүккө; структуралуулукка (элементтердин, бөлүктөрдүн болушу); элементтердин өз ара байланыштуулугуна жана өз ара аракетине , аракеттенүү процессинде өзүн өзү уюштуруучулук, башкаруучулук ээ болсо, система катары бааланат.