Джолдошбаева Кадыча Маматалиевна
АДАБИЙ ЧЫГАРМАЛАРДЫ ОКУТУУНУН КЭЭ БИР КӨЙГӨЙЛӨРҮ

Бул макалада адабий чыгармаларды окутуудагы көз караштар, сунуштар каралып, жаштардын руханий жан дүйнөсүн, эстетикалык аң-сезимин калыптандыруучупредмет катары кароого көңүл бурулуп, ошондой эле чыгарманы окууда кызыгуусун арттырып, чыгармадагы көйгөйлөрү түшүнө билүүсүнө, сабактарды ар кандай ыкмалар менен өтүүнү сунуштаганга аракеттендик. Ошондой эле акын-жазуучуларыбыздын чыгармаларындагы оң-терс, жакшы-жаман болгон көрүнүштөргө токтолуп, аны талкуулап, ой-жүгүртүүсүнө көңүл бурдук. Ырларды окуудагы көркөмдүктү сактоого, чыгармаларды окуудагы интонацияга сактоо жөнүндө айтылды.