Селим Ѳрс .

    Селим Ѳ...,
ТҮРКСТАНДА ДООРДУН ЖАНА РЕВОЛЮЦИЯНЫН ҮНҮ БОЛГОН ГЕЗИТ
Страницы:46-56      Язык:  lorem    DOI:10.33514/BK-1694-7711-2023-1(1)-46-56

Басма сөз кылымдар бою коомдордун өнүгүшү жана реакция көрсөтүүсү үчүн маанилүү рол ойногон. Советтер союзу мезгилинде идеологиялык пропаганданы куралы катары колдонулган басма сөз калың журт менен байланыш түзүү жолунда да маанилүү кызмат аткарган. Учурда Орто Азия аты берилген Түркстан аймагында жана башка советтик өлкөлөрдө саясий идеологиянын калкка жайылуусунда максаттуу түрдө калктын өз эне тилинде басмаларды чыгаруу чечими кабыл алынып, бул жаатта түрдүү журналдар жана гезиттер жарыяланган. Аталган гезитердин бири учурда “Жетису” аталышы менен өзүнүн иш-аракетин улантып жаткан “Жетису исши халык мукбыры” гезити болуп саналат. 1918-жылдын 21-июнунда идеологиялык пропаганда жасоо максатында өзүнүн басма сөз кызматын жүргүзө баштаган гезит кийинчирээк “Көмек”, “Ушкын”, “Букара”, “Кедей эрки”, “Тилши” сыяктуу түрдүү аталыштарды алган, жана ошол эле учурда саясий пропаганда иш-аракеттерин да жүргүзүп, Түркстан аймагындагы жаш адабиятчылардын үнү болгон. Айрыкча кыргыз адабий тили калыптанбаган мезгилде көптөгөн жаш жазуучулар, жаш акындар аталган гезитте чыгармаларын жарыялаган. Бул макалада “Жетису исши халык мукбыры” аталышы менен өз басма сөз кызматын баштаган гезиттин тарыхый процесси тууралуу маалымат берилип, гезитте жазуулары жарыяланган жазуучулардын чыгармаларына анализ жасалды жана тиешелүү учурларда аты аталган жазуучулардын жана чыгармалардын маанилүүлүгүнө токтолду.

Полный текст