Алымбаев Абдрахман Мырзагулович
ТЕҢИР ТЕОНИМИИН ТАРАЛУУ АРЕАЛЫ ЖАНА АГА СЫЙЫНУУ ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРЫ
Тенир теониминин таралуу ареалы тууралуу да эми гана сөз кылына баштады. Анын географиялык мейкиндиги биз ойлогондон да кенири болуп чыгууда. Маселе, ал качан ушунча кендикте таралган, кимдер жайылткан? Аны алып жүргөн уруулар кимдер болушкан? Алардын чачырап, ушунча кендикке тарап кетишине эмне себеп болгон? Бул маселелер тарыхчы окумуштуулар тарабынан такталууга тийиш. Азырынча ал фактылар бизге белгисиз? Ал келечекте дагы терендеп изилдениши керек. Тенир дүйнө таанымынын дуалисттик мүнөзү тууралу да али көп сөз кылына элек. Биз аны Алтай элдеринин ишенимдериндеги эки дух (Үлкен жана Эрлик) жана кыргыз тилиндеги “эр”, “үр” терминдери аркылуу ачууга аракет кылдык.
СОЦИАЛДЫК ФИЛОСОФИЯДАГЫ ДИН ТЕОРИЯЛАРЫНЫН КАЛЫПТАНЫШЫ
Макалада социалдык философиядагы дин теорияларынын калыптанышы жөнүндө баяндалат. Мында, коомдо дин түшүнүктөрү боюнча мурунку жана акыркы учурдагы социологдордун динге болгон илимий көз карашы мисал келтирилет. Социалдык философиядагы көз караштын негизинде психологиялык, гнесологиялык өзгөчөлүктөрдүн келип чыгышы, тарыхый өсүп-өнүгүүдө диний түзүлүшү жана анын элементтеринин өзгөрүүгө дуушар болушу, азыркы учурда дүйнөлүк диндин түзүлүшү жана бир канча компоненттери жөнүндө баяндалат.