Айталиева Толкун Кундузбековна

    Айталиева Т.К.,
Ш.АЗИЗОВДУН ВАРИАНТЫНДАГЫ “ЧОҢ КАЗАТ” ЭПИЗОДУНУН СҮРӨТТӨЛҮҮ ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
Страницы:3-8      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-3-8

Ш.Азизов Ысык-Көлдөн чыккан белгилүү манасчылардын бири. Манасчыдан манас таануучу, ф.и.д., профессор Ж.К.Орозобекова “Манас” үчилтигин магнитофондук тасмага жаздырып алып, аны кайрадан кагаз бетине жазып, иреттеп, китеп кылып басмадан чыгарууга даярдаган. Басмадан жарыкка чыккан китептин баш сөзүндө манасчы жана анын чыгармачылыгы, текстти жазып алуу кандайча жүргүзүлгөндүгү тууралуу толук маалымат берген. Ш.Азизовдун вариантынын башка варианттардан бир топ айырмалуу жактары бар. Улуу манасчылар С.Орозбаков менен С.Каралаевде сюжеттин өнүгүшүндө ар бир эпизод кеңири сүрөттөлүп берилген болсо, Ш.Азизовдо “Чоң казат” эпизодунан башкасы салыштырмалуу түрдө кыскача сүрөттөлүп берилгенин көрүүгө болот. “Чоң казат” эпизоду “Манас” эпосундагы өзөк окуялардан экенине окумуштуулар өз изилдөөлөрүндө токтолуп жүрүшөт. Эпостун жаралышына өзөк болгон бул эпизоддо кайсы доорлордун белгилери сакталганына изилдөө жүргүзүү да манас таануу илиминдеги негизги маселелердин бири.

Полный текст

    Айталиева Т.К.,
«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ “КӨЗКАМАНДАР ОКУЯСЫ” АТТУУ ЭПИЗОД
Страницы:238-241      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-238-241

“Манас” эпосундагы “Көзкамандар окуясы” аттуу эпизод тууралуу изилдөө жүргүзүүдө төмөнкүлөрдү байкоого болот. Адамдардын ортосундагы туугандык наркты бузуп, көрө албастык менен кыянаттык иштерге барган, жакшылык жасаган адамга жамандык жасаган жетесиздикти жеткиликтүү сүрөттөгөн эпизоддордун бири деп айтууга болот. Бир мезгилдерде душмандарынан кордук көрүп, өз жерин таштап качып, башка элдин арасына барып жашап, алардын каада-салтын кабыл алып жашап калышкан Манас баатырдын туугандары анын кан болгонун билишип, туулган жерибизди таап, тууганыбызга жакын жашасак деген ой менен кат жөнөтүшүп, кайтып келишет. Бирок алардын ичтеринде арам ойлору болот. “Биз тең ата туугандарбыз, Манастын ордуна биз эмнеге кан боло албайбыз.”-деген арам ойлору аларга тынчтык бербей, натыйжада, алар Манас баатырды конокко чакырып, тамагына уу кошуп берип жок кылууну көздөшөт. Макалада залкар манасчылар С.Орозбаков, С.Каралаевдердин варианттарында “Көзкамандар окуясы” жана Сайф ад-дин Аксыкентинин “Маджму атут-таворих” аттуу эмгегинде Манасты ууландыруу окуясынын сүрөттөлүшүндөгү окшоштуктар жана айырмачылыктар кеңири изилдөөгө алынган.

Полный текст