Жуманалиева Жазгул .
БАЛДАРДЫН КОММУНИКАТИВДИК ЖӨНДӨМДӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮ ЖОЛДОРУ
Бул макалада балдардын коммуникативдик процессин теориялык жактан жакшы өздөштүрүп, ал билимдерди практикада колдоно билүү, балдардын коммуникативдик жөндөмдөрүн өнүктүрүү актуалдуу маселелерден экендиги баса белгиленген. Бүгүнкү күндө эң көйгөйлүү маселелердин бири – бул балдардын интернет булактарына көз каранды болуп, байланып калууларында. Ощондуктан аны чечүү жолдоруна жолдоруна токтолуу абзел. Ал эми баланын мамилелешүү, баарлашуу процессине токтолсок, башка адамдар менен болгон мамилесинин өзгөчөлүктөрү анын өнүгүшүнүн заманбап шарттары менен гана эмес: техникалык прогресс, жалпы компьютерлештирүү, ошондой эле ата-энелик жана коомдук мамилелер менен да аныкталат. Коммуникативдик жөндөмдөр - бул башка адамдар менен өз ара аракеттенүү, компромисс табуу, угуу жана өз оюн айтуу жөндөмү. Балдар үчүн баарлашуу эмне айтууну жана өз оюн кандай формада билдирүүнү билүүнү камтыйт; башкалардын айткандарын кандай кабыл алаарын түшүнүү жана маектешинин сөзүн угуу болуп саналат.
БАЛАНЫН КОММУНИКАТИВДИК КӨНДҮМДӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Балдардын коммуникативдик процессин теориялык жактан жакшы өздөштүрүп, ал билимдерди практикада колдоно билүү, балдардын коммуникативдик жөндөмдөрүн калыптандыруу актуалдуу маселелерден экендиги баса белгиленген. Баланын курбалдаштары менен коммуникативдик баарлашуусу бир катар спецификалык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат, алардын арасында коммуникативдик аракеттердин көптүгү жана ар түрдүүлүгү, өтө эмоционалдуулугу, коммуникативдик актылардын стандарттуулугу боюнча коммуникативдик баарлашууну өнүктүрүүнн бир катар этаптары каралган. мектепке чейинки куракта коммуникативдик муктаждыктар үй-бүлөнүн чегинен чыгып, баланын жашоосунда достору жана шериктери пайда болот. Балдардын негизги өз ара аракеттери оюн процессинде болот. Дал ушул оюнда алар оозеки жана вербалдык эмес каражаттарды жана байланыш ыкмаларын, ар кандай кырдаалдарда жүрүм-турум үлгүлөрүн, эмоционалдык реакция ыкмаларын колдонууну үйрөнүшөт.