Чолпонбай кызы Э.
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТА БААЛОО УСУЛДАРЫН КОЛДОНУУ
Макалада окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун мааниси, балоонун келип чыгыш тарыхы, окутууда баалоого карата жаңыча мамилелер каралган. Диагностикалык баалоону мугалим окуу жылынын башталышында жүргүзөт, анын максаты окуу предмети боюнча окуучулардын даярдык деңгээлдери аныкталат. Диагностикалык баалоонун жыйынтыгында мугалим үчүн окуучулардын муктаждыктарына жараша окуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүү, кыйынчылыктарды аныктоо менен, аларды жоюуга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ал эми калыптандыруучу баалоо күн сайын ар бир сабакта колдонулат. Калыптандыруучу баалоонун максаты окуучунун натыйжалуу билим алуусуна шарт түзүү, ал үчүн баалоонун түрдүү ыкмалары колдонулуп, окуучунун окуганын түшунүүсү текшерилет, окуудагы кыйынчылыктарды аныктоого, ага жараша окуу процессине түрдүү сабактарды пландаштырууга өбөлгө түзүлөт. Мугалимдер окуучулар өздөштүргөн билимдердин деңгээлин аныктоо үчүн жыйынтыктоочу баалоону колдонушат жана ал белгилүү мөөнөттүн аягында, мисалы, теманы өтүп бүткөндөн кийин, чейректин же окуу жылынын аягында жүргүзүлөт.