Байтикова Бактыгүл Батырбековна

    Байтикова Б.Б., Пазиева А...,
ӨСПҮРҮМ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДЫ ТАРБИЯЛООДО Ч.АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫН КОЛДОНУУ
Страницы:192-198      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-192-198

Бүгүнкү күндүн балдары бат ойлонгон, кыска маалыматтарды кабыл алган, бирок китеп окууга көп деле кызыкпаган муун десек болот. Бул боюнча эмне кылабыз деп агартуу тармагында иштегендер изденип келет. Макалада кыргыз адабияты предметин окутууда жаш балдарды кантип китеп окууга кызыктыруу, турмушка тарбиялоо, руханий жактан байытуу, көркөм сөз чеберчилигин арттыруу боюнча сөз болот жана Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасындагы “Эне-Бейит” тууралуу уламышты колдонуу сунушталат. Бул чыгарма өспүрүм курактагы балдарды тарбиялоодо мыкты каражат боло алат. Анткени, берилген үзүндүлөр аркылуу студенттер (окуучулар) бүгүнкү технологиялык жактан тез өнүккөн коомдо маңкурттар сымал болбостон, адам болуп жашоо зарыл экендигин түшүнүшөт. Макалада уламышты окутууда адам болууга, өтмүшүбүздү унутпоого, боорукер, мээримдүү болууга тарбиялоо боюнча сабакты өтүүнүн жолдору жана ыкмалары көрсөтүлдү.  

Полный текст