Курманбаева Гүлсада .

    Кудабаева Г.Б., Курманбаева Г...,
БАЛАГА ОКУТУП-ТАРБИЯЛОО ПРОЦЕССИНДЕ ЖЕКЕЧЕ МАМИЛЕ ЖАСООНУН ПСИХОЛОГИЯЛЫК МААНИСИ
Страницы:198-202      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-198-202

Бул эмгекте балдарга жекече мамилелерди туура жасоо азыркы күндө өтө актуалдуу маселелерден экендиги баса белгиленди. Балдарга жекече мамиле жасоодо алгач анын жекече өзгөчөлүктөрүн талдап билүү керек. Жекече өзгөчөлүктөрүн билбей туруп, балага жекече мамиле жасоо мүмкүн эмес. Ар бир адам өзүнчө индивидуалдуулукка ээ. Мүнөзү, темпераменти, шык, жөндөмдүүлүктөрү боюнча окшош адамдарды табуу мүмкүн эмес. Мисалы, темпераменттин типтерин анализдөөдө, ар бир типтин жакшы жактары менен кошо эле кемчиликтери да бар. Атап айтканда, флегматик окуучу баланын эмоциясын ойготуп, активдештирбесе кайдыгер, шалаакы адам болуп калышы мүмкүн. Холерик тибиндеги окуучу шашкалак, өтө активдүү болгондуктан, көбүнчө берилген тапшырманы аягына чыгара аткарбайт, демек, мындай балдарды токтоолукка, сабырдуулукка чакырабыз, меланхолик балдарды өзүнө болгон ишенимин бекемдейбиз, сангвиниктердин эмоциясын туруктуулукка тарбиялайбыз ж.б.у.с.

Полный текст