Керимбаева Айзада .

    Жусупова М.М., Керимбаева А...,
РЫСБЕК АЙДАРАЛИЕВДИН ӨМҮР ЖОЛУ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮН КЭЭ БИР УРУНТТУУ УЧУРЛАРЫ
Страницы:269-274      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-269-274

Макалада мамлекеттик жана коомдук ишмер Рысбек Айдаралиевдин өмүр жолу жана ишмердүүлүгүн ачып берүүгө аракет жасалды. Рысбек Айдаралиевдин жаштык учуру кандуу согушка туш келип, мезгилдин татаал жана каардуу мектебинен өтүптүр. 21 жашында командирлик менен катар батареянын партиялык уюмун жетектеп өзүнүн алдыдагы өмүр жолуна татыктуу кадам шилтеген экен. Рысбек Айдаралиевдин эмгек жолунун урунттуу учуру анын 1952-жылдын сентябрында партиянын Чаткал райондук комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалган мезгилинен башталган. Рысбек Айдаралиев басып өткөн жолунда ак эмгекти барктап, жогору баалаган, тынымсыз эмгектенип, башкаларды да талыкпай эмгек кылууга үндөгөн инсан болгон. Жаштайынан чарчабаган эмгекчил, мээнеткеч, маңдай тери менен көп ийгиликтерге жетишип, турмуш жолунда өз ордун тапкан инсан. Билимге умтулуп, 1937–жылы 7 жылдык мектептен билим алып, 1938-40-жылдары Жалал-Абаддагы педтехникумду ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун агартуу тармагында, Көк–Ой айылынын Таш-Дөбө мектебинде мугалим болуп баштаган. Негизи, кандай гана иш болбосун–мектеп мугалими, колхоз жумушчусу, райкомдун кызматкери–биринчи катчысы, райондук аткаруу комитетинин төрагасы, “Эмгек Кызыл Туу” ордендүү миллионер колхоздун башкармасы, жайыт башкармалыгынын зоотехниги, башчысы катары белсенип эмгектенип, башкаларга үлгү болуу менен, аларды да ак эмгекке, эл, жерине талыкпай кызмат кылууга үндөгөн, шык берип, алга сүрөгөнүн мыкты жетекчи экенин баамдадык. 

Полный текст