Турсалиева Гуля Жакыпбековна

    Турсалиева Г.Ж.,
ТИЛ КООМДУ БИРИКТИРҮҮЧҮ ФАКТОР КАТАРЫ
Страницы:298-302      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-298-302

Бул илимий макалада тилдин көп этностуу чөйрөдөгү коомдун биригишине тийгизген таасири серептелет. Кыргызстан сыяктуу ар түрдүү этникалык топтор чогуу жашаган көп этностуу коомдордо тил маданий мураска жакындоо жана жалпы улуттук таандыктыкты калыптандырууга жетишүү фактору катары кызмат кыла алат. Макала тилге коомду бириктирүүчү фактор катары арналган, тилдин өзгөчө этностук таандыктыктагы ролуна, социалдык маанисине жана инсандар аралык мамилелерге байланышкан маселелерди кароого арналган. Айрыкча, көп тилдүү же көп маданияттуу коомдордо калк ортосундагы баарлашуу жана түшүнүү үчүн болгон тилдин ролуна өзгөчө көңүл бөлүнөт. Бул макала көп этностуу коомдордо социалдык жана маданий таандыктыкты калыптандырууда жана маданий көп түрдүүлүктү сактоодо тилдин коомдо колдонулушунун артыкчылыктары жана көйгөйлөрү, ошондой эле тилдик биримдикти изилдөө жана карап чыгуу стратегиясын карайт. Ошондой эле макала калк ортосундагы жакындашууда, баарлашууда жалпы мамлекеттик тилди жеткиликтүү жогорку деңгээлге көтөрүү жөнүндө. Изилдөөнүн натыйжалары тил көп этникалык коомдо кызматташууда мамилелердин гармониялык абалда болуусуна, социалдык кызматташтыктагы ар кандай көрүнүштөрдү түшүнүү менен кабыл алууну урматтоого көмөктөшөт. 

Полный текст