Атабаев С. К.

    Адилбекова Н.А., Ойчуева Р.Р., Атабаев С.К.,
ИНФОРМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯ БОЮНЧА БИЛИМ БЕРҮҮНҮ МОДЕРНИЗАЦИЯЛООНУН ТЕОРИЯЛЫК ЖАНА МЕТОДОЛОГИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ
Страницы:3-7      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-3-7

Макалада «Информатика жана информациялык технология боюнча билим берүүнү модернизациялоонун теориялык жана методологиялык негиздери» -деп берилип, бул предметтердин теориялык жана практикалык структурасынын мазмуну башкача айтканда окуу планы, окуу программалары, теориялык жана практикалык жактан окутуунун методдору, илимий–педагогикалык жаңылыктары, окутуунун каражаттарын түзүү, окуу процессине киргизүү деп эсептедик. Ошону менен бирге окутуунун методикасында теориялык, практикалык жактан окутуучунун жеке чыгармачылыгы, жаңы информациялык технологиянын жардамы менен окутуудагы негизги принциптери, окутуунун илимий-педагогикалык ишмердүүлүктөрдүн жетишкендиктерин пайдалануу жана өркүндөтүү, окутуунун инновациялык технологияларын коомдун жаңы талаптарына ылайык окуу процессинде ишке ашыруу негизделди.

Полный текст

    Ойчуева Р.Р., Адилбекова Н.А., Эceнбaй у.C., Атабаев С.К., С.К.,
ЖOГOPКУ OКУУ ЖAЙЫНДAГЫ ИНЖEНEPДИК-ТEХНИКAЛЫК AДИCТИКТEPГE МAТEМAТИКA КУPCУН OКУТУУНУН МEТOДИКACЫ ЖAНA МOДИФИКAЦИЯCЫ ЖӨНҮНДӨ
Страницы:129-135      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-129-135

Бул мaкaлaдa зaмaнбaп инжeнep aдиcтиктepинe caлттык жoгopку мaтeмaтикa куpcун oкутуунун мeтoдикacын кaйpa бaштaн кapaп чыгуунун зapылчылыгы тaлдaнгaн жaнa учуpдун тaлaбынa жooп бepгeн инжeнepлepди дaяpдoo үчүн мaтeмaтикa илиминин кaйcы бөлүмдөpүн oкутуу мaкcaткa ылaйыктуу бoлoopу кapaлгaн. Мaкaлaдaнын нeгизги мaкcaты бүгүнкү күндө инжeнepдик кecиптe oкуп жaткaн жoгopку oкуу жaйлapынын cтудeнттepи үчүн мaтeмaтикa илими кaнчaлык мaaнилүү экeндигин туюнтуу, oкутуунун мeтoдикacын өpкүндөтүүнүн зapылчылыгын aчып көpcөтүү, зaмaнбaп тeхнoлoгиялap мeнeн иш жүpгүзгөн жaнa кoюлгaн мaceлeлepди чeчүүдө кpeaтивдүү oй жүгүpтө билгeн – мaтeмaтикaны тepeң түшүнгөн квaлификaциялуу инжeнepдик кaдpлapды дaяpдooнун жaңы пpинциптepин иштeп чыгуу. Oшoндoй элe мaтeмaтикa диcциплинacын oкутуу үчүн мaaлымaттык-кoммуникaциялык тeхнoлoгиялapды кoлдoнуу зapылчылыгы көpcөтүлдү.

Полный текст

    Ташбаев А.М., Атабаев С.К.,
ЭКОНОМИКА БАГЫТЫНДАГЫ СТУДЕНТТЕРГЕ МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:194-201      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-194-201

Бул макалада экономисттер-бакалаврларга математиканы окутуунун негизги милдеттери жана проблемаларын чечүүжолдору каралган. Азыркы мезгилдеги илимдин жана ондуруштун талаптарына жооп берген экономика багытындагы кадрларды даярдоо боюнча мамлекеттик программаны чечүүдө өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында ийгиликтүү жана жемиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Техникалык университеттерде математиканы окутуунун методикасын жакшыртуу боюнча бир топ иштер аткарылды. Биринчи курста студенттердин математика боюнча мектептен алган базалык билимдерин текшерүү, кошумча консультация-сабактарды уюштуруу студенттердин математикалык билимдерин системалаштырууга жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет. Математикалык методдорду прикладдык маселелерди чечүүдөпайдалануу үчүн болочок экономисттерге математиканын негизги закондорун үйрөтүүквалификациялуу кадрларды даярдоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ар кандай денгээлдеги илимий конференцияларга студенттеринин катышуусу алардын кесипкөйдүгүн жогорулатып, алган билимдерди пратикалык жактан колдонууга жана илимий-изилдөөиштерди активдуу жүргүзүүгөөбөлгөтүзөт. Кесиптик компетенцияларды калыптандырууда инструменталдык методдорду жана компютердик Mathcad жана MS Excel пакеттерин колдонуунун орду маанилүүэкендиги белгиленген. Азыркы мезгилде математиканы окутуу процессинде кездешүүчүкээ бир негизги көйгөйлөр белгиленнен.

Полный текст