Джапарова С. Н.
КОШУУНУН АЛГАЧКЫ ТАБЛИЦАСЫН ОКУТУУ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ

Амалдарды тез жана сапаттуу аткаруу билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандыруу иши башталгыч математика курсун окутуунун негизги маселелеринин бири. Амалдарды сапаттуу аткаруу б.а. эсептөө билгичтиги – бул составындагы ар бир операция контролдоо менен аң сезимдүү аткарыла турган акыл же практикалык иш – аракеттерди иш жүзүнө ашыруу дегендик болот. Кандай гана эсептөө ыкмасы болбосун, аны операциялардын кандайдыр бир удаалаштыгы катарында кароого болот. Ал эми ошол операциялардын ар бирин аткаруу, белгилүү бир математикалык түшүнүк же касиет менен байланышта жүргүзүлөт. Мисалы, көп орундуу сандарды бир орундуу санга бурч менен бөлүүдө колдонула турган ыкмалар, алардын разряддык составы, толук эмес бөлүнүүчү, тийиндинин жүздүгү, ондугу, бирдиги жана башка ушул сыяктуу түшүнүктөргө жана калдыктуу бөлүүнүн а = в q + r , 0≤ r<b деген формула менен (мында а саны бөлүнүүчү, в бөлүүчү, q тийинди, ал эми r болсо калдык) бериле турган касиетке таянуу менен ишке ашырылат.
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН МАТЕМАТИКА КУРСУНДА АЛГЕБРАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Макаладабашталгычмектептинматематикакурсундаокутуулуучуалгебралыкматериалдардыокутуунунжалпымүнөздөмөсүкаралды. Математиканын баштапкы курсунда алгебранын элементтерин окуп үйрөнүү арифметикалык материал менен тыгыз байланышта ишке ашырылат. Маселен, эң жөнөкөй сызыктуу теңдемелерди чыгарууда адегенде алгебралык апараттын ордуна арифметикалык амалдардын компоненттери менен натыйжаларынын ортосундагы байланыштар колдонулса, кийинчерээк теңдеме түзүү менен чыгаруу ишке ашырылат. Программанын талабына ылайык, башталгыч класстарда окуучулар тамгаларды математикалык символ катарында колдоно баштоону үйрөнүшөт, алгебралык-туюнтма, барабардык, барабарсыздык, теңдеме сыяктуу түшүнүктөр менен таанышышат жана айрым текстүү маселелерди теңдеме түзүү менен чыгаруу боюнча алгачкы билимдерге ээ болушат. Башталгычкласстардаалгебранынэлементтеринокутуудаокуучулардыкызыктыруумаксатындаонлайнинтерактивдүүоюндардынжардамыменентеӊдеметүшүнүгүнкиргизүүнүнжолдорукаралды.