Джунусбекова Г. Ш.
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН МАТЕМАТИКАЛЫК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ
Макала окутуудагы компетенттүүлүк мамиле “компетенция” түшүнүгүнүн келип чыгышы, негизги жана предметтик компетенциялар, башталгыч класста математикалык компетенттүүлүктү калыптандыруу жөнүндө жазылган. Педагогикалык адабияттарда компетенттүүлүк– бул адамдын тиешелүү билимдердин, билгичтиктердин элементтерин жана иш - аракеттеринин ыкмаларын белгилүү бир кырдаалда өз алдынча колдоно алуу жөндөмдүүлүгү деп жазылат. Математика предметин окутууда негизги жана предметтик деп аталып, эки түрдүү компетенттүүлүк каралат. Негизги компетенттүүлүккө маалыматтык, социалдык-коммуникациялык, өз ишин уюштура билүү компетенттүүлүктөрү кирет. Предметтик компетентүүлүк математикалык жаңы маалыматтарды кабыл алуу, математикалык түшүнүктөрдү тереңдетүү,математикалык көндүмдөрдү талдоо, теория менен практиканы байланыштыруу аркылуу калыптанат.