Муратов А. Ж.

    Муратов А.Ж., Мырзабекова Н.М.,
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР МЕНЕН АДАБИЙ ЧЫГАРМАЛАРДЫ ОКУТУУ ҮЧҮН МУГАЛИМДЕРДИ «ИННОВАЦИЯ», «ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР» ТҮШҮНҮКТӨРҮНҮН ТЕОРИЯЛЫК КОНЦЕПЦИЯЛАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫРУУ
Страницы:106-111      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-106-111

Бул макала орто мектептин башталгыч класстарындагы адабий окуу сабагында көркөм чыгармаларды талдоо процессинде инновациялык технологияларды колдонуу үчүн «инновация», «инновациялык технологиялар» деген түшүнүктөргө терминологиялык аныктама берилет. Азыркы учурда башталгыч класстагы окуучулардын адабий билимин өркүндөтүү, ошол аркылуу алардын руханий-адептик тарбиясын жогорулатуу, эстетикалык табитин көтөрүү, тилдик, этномаданий жана адабий-теориялык, социалдык коммуникативдик компетенттүүлүктөрүн жогорулатуу актуалдуу проблемалардын бири болуп эсептелет. Макаланын максаты – инновациялык процесстин дүйнөлүк илимдеги, анын ичинде кыргыз педагогикасындагы эволюциясын көрсөтүү. Заманбап талаптарга ылайык чыгармаларды талдоону инновациялоого коюлган педагогикалык шарттар жана критерийлер чагылдырылат. Макаланы жазууда автор тарабынан илимий булактарга таянуу, анализ, салыштыруу методдору колдонулду жана орус, дүйнөлүк педагогдордун эмгектери методологиялык негиз катары пайдаланылды. Көрсөтүлгөн методикалык сунуштарды чыгармачылык менен мугалимдер ар бир сабагында колдонууга болот. Макала жогорку окуу жайынын студенттерине, магистрлерге жана мектептин башталгыч класстардын мугалимдерине арналат.

Полный текст