Баймомурова А. А.

    Стамалиева К.А., Боруева С.Ш., Баймомурова А.А.,
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН МАТЕМАТИКАСЫН ОКУТУУДА ТАРЫХЫЙ МААЛЫМАТТАРДЫ КОЛДОНУУ
Страницы:159-167      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-159-167

Бул илимий макалада кенже окуучуларга тарыхый маалыматтарды башталгыч класстардын математика сабактарында киргизүү маселеси бүгүнкү күндө абдан актуалдуу экендиги көрсөтүлдү. Адамзаттын миңдеген жылдар жана доорлор бою жүргүзгөн иштеринин натыйжасында маалыматтар топтолуп, бирок ал акылмандардын жана окумуштуулардын ар кандай илимий жетишкендиктери элге таандык деп эсептелинет. Адамдын практикалык иштеринен жана жаратылыштагы кубулуштарды байкоосунан келип чыккан математикалык билимдер, бардык эле байыркы элдерде болгондугу белгиленген.Тарыхый маалыматтар тез ойлонууну жана логикалык ой жүгүртүүнү талап кыларын, башталгыч класстардын математикасын окутуу процессинде тарыхый материалдарды колдонуу окуучулардын математиканы үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырарын жана изилденип жаткан фактылык материалды тереңирээк түшүнөрүн, окуучулардын жалпы кругозорлорун кеңейтерин жана окуучулардын жалпы маданиятын жогорулатары белгиленген. Математика сабактарына тарыхый материалдарды киргизүү боюнча иш натыйжалуу болушу үчүн мугалимдерге конкреттүү көрсөтмөлөрдүн аткарылышы, колдонула турган тарыхый материалдын көлөмү аныктала турган негиздери көрсөтүлгөн. Сабактарда тарыхый маалыматтардын колдонулушу кенже мектеп окуучуларынын таанып-билүү ишмердүүлүгүн активдештирерин, окуучулардын интеллектуалдык сапаттарын калыптандырарын жана өнүктүрөрүн, өз алдынча билимдин булактары менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алары бегиленген.

Полный текст