Нурбаева Г. А.

    Стамалиева К.А., Боруева С.Ш., Нурбаева Г.А.,
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕ СТАНДАРТТУУ ЭМЕС МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЫГАРУУДА ОКУТУУНУН МЕТОДИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:174-182      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-174-182

Бул илимий макалада башталгыч мектепке стандарттуу эмес маселелердин ар кандай чыгарылыштары каралып, окутуунун методикасынын өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү. Алгач стандарттуу эмес маселелер түшүнүгүн берүү менен кенже окуучулардын ой жүгүртүүсүн өстүрүүдө стандартуу эмес маселелердичыгарууну башталгыч эле класстан баштоону сунушталган. Стандарттуу эмес маселелер окуучуга математикалык түшүнүктөрдү аң-сезимдүү өздөштүрүүгө, математикалык билимдерди кеңейтүүгө, эсептөө көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, маселелерди чечүү ыкмаларын өздөштүрүүгө жардам берери белгиленген.

Маселени чыгаруу жолдорун табуу, алардын чыгаруу планын түзүү, талдоо ыкмалары мисалдардын негизинде көрсөтүлгөн жана  талдоо ыкмасы аналитикалык ("суроодон") жана синтетикалык ("маалыматтардан") болушу мүмкүн экендиги белгиленген. ”Тапшырма, маселе түшүнүктөрү берилип, мугалимдин методикалык ишмердүүлүгүнүн негизги шарттары көрсөтүлгөн.Кенже окуучулар стандарттуу эмес маселелерди чыгарганда стандартуу эмес маселелер окуучулардын таанып билүү кызыкчылыктарын өнүктүрүүнүн идеалдуу каражаты болуп саналат, эсептөө көндүмдөрүн өздөштүрүүгө көмөктөшөт, ал эми алардын мазмуну кенже окуучулардын адеп-ахлактык сапаттарын тарбиялоонун каражаты боло алат деп жыйынтык чыгарылды.

Полный текст