Талипов А. Т.

    Тагаева Д.А., Талипов А.Т., Кубанычбек к.Т.,
ГЕОМЕТРИЯНЫ ТУРМУШКА БАЙЛАНЫШТЫРЫП ОКУТУУДА КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮККӨ БАГЫТТАЛГАН ТАПШЫРМАЛАРДЫН ОРДУ
Страницы:182-186      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-182-186

Кыргыз Республикасында билим берүү процессин реформалоо учурдун актуалдуу маселелери болуп саналат. Бул багыттагы Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын аткарылышы боюнча орто мектептерде предметтерди окутуу боюнча билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатындагы алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Компетенттүүлүк мамиледе окутуу шарттарында орто мектепте геометрияны окутуу процессинде мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык инсанга багыттап окутуу маселелери башкы орунду ээлейт. Компетенттүү мамиледе окутуу шарттарында геометрияны турмушка байланыштырып окутуу менен компетенттүүлүккө багытталган тапшырмаларды пайдалануу аркылуу окуучулардын түйүндүү компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга негиз жаралат. Макалада геометрияны окутууда турмуштук маселелер аркылуу компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалардын орду белгиленет.

Полный текст

    Талипов А.Т., Тагаева Д.А., Кубанычбек к.Т.,
ОРТО МЕКТЕПТЕ ГЕОМЕТРИЯНЫ ОКУТУУДА МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДАН ПАЙДАЛАНУУ АРКЫЛУУ ТҮЙҮНДҮҮ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨРДҮ КАЛЫПТАНДЫРУУ
Страницы:190-194      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-190-194

Кыргыз Республикасында билим берүү системасын модернизациялоо Концепциясына ылайык жалпы билим берүүчү орто мектептердин алдына жалпы билимдин, көндүмдөрдүн, ошондой эле окуучулардын өз алдынча иш-аракетинин жана жеке жоопкерчилик тажрыйбасынын жаңы системасын, б.а. түйүндүү компетенцияларды калыптандыруу милдетин коёт. Жалпы билим берүүчү мектеп мугалимдерин ушундай жол менен аныкталган билим берүүнүн максаттарын билим берүү процессин уюштурууга карата компетенттүүлүккө негизделген мамилеге багыттоого, билим берүүнүн жаӊы технологияларына коюлган талаптарды, окутуунун жана тарбиялоонун натыйжаларын баалоо критерийлери, билим берүүнүн сапаттык жаңы деңгээли менен өзгөртүүнү талап кылат. Азыркы учурда түйүндүү компетенциялардын так аныктамасы бериле элек. Илимий изилдөөлөр гана эмес, билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын аныктаган документтер да бул түшүнүктөрдү түрдүүчө чечмелеп келишет. Макалада орто мектепте геометрияны окутуу процессинде түйүндүү компетенцияларды калыптандырууда окутуунун жаңы маалыматтык технологияларынан, анын ичинде Padlet интерактивдүү доскасын колдонуу ыкмалары талкууланат.

Полный текст