Шайланова М. М.
МЕКТЕП КУРСУНДА ЛОГИКАЛЫК МИСАЛДАРДЫ ГРАФТАР ТЕОРИЯСЫ МЕНЕН ЧЫГАРУУ
Бул илимий макалада мектеп курсунда логикалык мисалдарды графтар теориясы менен чыгаруумаселеси бүгүнкү күндө абдан актуалдуу экендиги көрсөтүлдү. Графтарды окуп үйрөнүүнүн эң башкы максаты - маселелердин шартында графты көрө билүү жана ал шарттарды графтар теориясынын тилине өткөрө билүү болуп саналат. Мектеп программасында математика сабактарында кээ бир маселелерди чыгаруу үчүн графтарды колдонуу ыңгайлуу. Ушуга байланыштуу графтын жардамы менен кандай маселелер чыгарылары жана алар кандай касиеттерге ээ экендиги көрсөтүлгөн. Мисалдарды чыгарууда графтар теориясынын түшүнүктөрүн окутуудагы негизги талаптарды берүү менен конкреттүү мисалдар келтирилген. Ошондой эле графтык мисалдар окуучулардын активдүү таанып-билүү ишмердүүлүгүн, фантазиясын жана логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө түрткү берери белгиленген.
ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН УЮШТУРУУДА ҮЙ ТАПШЫРМАСЫНЫН РОЛУ
Макалада окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн уюштурууда үй тапшырмасынын ролуна өзгөчө көңүл бурулган. Алгач учурдагы башталгыч мектептерде окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө, таанып билүү жөндөмүнө ылайык окуу процессинин негизги курамы болгон окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн уюштурууда үй тапшырмасынын негизги эрежелери жана өзгөчөлүктөрү көрсөтүлгөн. Үй тапшырмасы окуучулардын эмгекчилдигин, өз алдынчалыгын калыптандырууга көмөктөшүп, класстан тышкаркы убакытты негиздүү жана мазмундуу уюштуруунун каражаты, ошондой эле окуучуларды тарбиялоо үчүн маанилүү жана аны уюштуруунун эң негизги формаларынын бири экендигин белгиленген. Ошондой эле окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн уюштурууда үй тапшырмасынын теориялык негиздеринин жыйынтыгы берилген.
ОКУУЧУЛАРДЫН КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮН КАЛЫПТАНДЫРУУДА ӨЗ АЛДЫНЧА ИШТӨӨ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН УЮШТУРУУНУН ТАЛАПТАРЫ ЖАНА ДИДАКТИКАЛЫК ПРИНЦИПТЕРИ
Бүгүнкү күндө ааламдашуу доорунун заманбап талаптарына ылайык, ар бир адам, ар бир жаран кайсыл гана чөйрөдө, кандай гана маселени чечүүдө болбосун өзүнүнкомпетенттүүлүгүн көрсөтө алуу зарылдыгы келип чыгууда. Азыркы, заманбап компетенттүүлүккө багыттап сабак берүү технологиясын уюштурууда негизги көңүл мугалимдин окуучу менен биргелешкен иш аракетине көңүлдүн топтолуусу, эске алуусу менен айрымаланат. Макалада окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандырууда өз алдынча иштөө ишмердүүлүгүн уюштуруунун талаптары жана окутууну жаңыча уюштурууда башкача айтканда окуучуларды компетентүүлүккө багыттап окутуунун дидактикалык, методикалык принциптери берилген.