Шарабидин кызы Арзыкан

    Шарабидин к.А.,
ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА САБАК ӨТҮҮДӨ ОКУТУУНУН ИНТЕРАКТИВДИК МЕТОДДОРУН КОЛДОНУУНУН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
Страницы:232-237      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-2(1)-232-237

Бүгүнкү күндө замандын талабына билим берүүнүн ыкмалары бир топко өркүндөдү десек болот. Окутуу концепциясы негизинен билим берүү системаларында өзгөрмө принциби бир топ күч алып, окутуунун заманбап ыкмалары педагогикалык закон-ченемдерди модернизациялоого жана окуу пландарын, программаларын түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Натыйжада педагогикалык технологиялардын жаңы идеяларын, табылгаларын жана жетишкендиктерин, инновациялык окутууну жана башка, окуу тарбия процесстеринде тажрыйбалоо мүмкүнчүлүктөрү турмушка ашырылды. Окутуунун жаңы технологиясы катары: модуль системасы интерактивдүү окутуу, программалык тестирлөө, сынчыл ойломду өстүрүү программасынын стратегиясы жана башкалар практика жүзүндө колдонулууда. Аталган окутуунун жаңы технологиялары студенттердин чыгармачыл жана интелектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу аркылуу аларды өзүн-өзү өнүктүрүү, ой жүгүртүүсүн өстүрүү, тарбиялоо, билгичтиктерин жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу максаттарын көздөп, окутуу технологиясынын мазмунун жана багыттарын бир топ жаңыртты. 

Полный текст