#1, 2018
ФИЛОЛОГИЯ, ПЕДАГОГИКА, ЛИНГВИСТИКА
ПРОФЕССОР К. ТЫНЫСТАНОВДУН ОКУУ КИТЕПТЕРИНДЕ СҮЙЛӨМ МҮЧӨЛӨРҮНҮН ИШТЕЛИП ЧЫГЫШЫ
Бул илимий макалада профессор К.Тыныстановдун синтаксисин (1936), анын илимий теориялык жана практикалык маселелерин, бүгүнкү күндөгү ролун, маанисин аныктоого, ачып көрсөтүүгө аракеттер жасалган. К.Тыныстанов – кыргыз тилинин грамматикага (морфология, синтаксис) тиешелүү традициялык маселелерин илимий-нормативдик аспектиден терең териштирип аныктаган окумуштуу.
ПРИМЕНЕНИЕ ЭЛЕМЕНТОВ ТЕХНОЛОГИИ КРИТИЧЕСКОГО МЫШЛЕНИЯ НА ЗАНЯТИЯХ ПО РУССКОМУ ЯЗЫКУ НА ПРИМЕРЕ КЫРГЫЗСКОЙ СКАЗКИ
В современной жизни для каждого из нас необходимо умение ориентироваться в условиях переизбытка разнообразной информации, грамотно воспринимать ее, понимать, анализировать. Стратегия технологии критического мышления помогает студентам анализировать, применять полученные знания и их результаты как к стандартным, так и нестандартным ситуациям, вопросам и проблемам; развивает способность ставить новые вопросы, вырабатывать разнообразные аргументы. В статье описываются элементы технологии критического мышления, используемые на занятиях русского языка.
СПОСОБЫ СЛОВООБРАЗОВАНИЯ КОМПЬЮТЕРНОЙ ЛЕКСИКИ В НЕМЕЦКОМ ЯЗЫКЕ
Данная статья посвящается способам словообразования в компьютерной лексике немецкого языка.
ИШКЕРДҮҮЛҮКТҮ ОКУТУУДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН РОЛУ
Макалада мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана аны окутуунун сапатын көтөрүү, мамлекеттик тилди илимдин, кесиптин, маданияттын, саясаттын тили катары көп кырдуу маселесин бөлүп, этап боюнча максаттуу программанын негизинде иш алып баруу маселеси каралат.
ЗАМАНБАП ЛИНГВИСТИКАДА “КОНЦЕПТ” ТЕРМИНИН КЛАССИФИКАЦИЯЛОО МАСЕЛЕЛЕРИ
Макалада “концепт” терминин классификациялоодогу ɵзгɵчɵлүктɵрү, кɵйгɵйлүү жагдайлары, аларды тиешелүү топторго бɵлүштүрүү үчүн колдонулган ыкмалар жɵнүндɵ сɵз болот. Терминди классификациялоого салым кошкон изилдөөчүлөрдүн эмгектери анализденип, алардын теориялык далилдери практикалык мисалдар менен коштолот.
НАКЫЛ СӨЗДӨР ЖАНА АЛАРДЫН ИЗИЛДЕНИШИ
Бул макалада кыргыз тилиндеги накыл сөздөр, макалдардын пайда болушу, алардын түрк элдеринин накыл кептери, макал-лакаптары менен болгон окшоштуктары, алардын изилдениши, окутуу-тарбиялоодогу ролу тууралуу маселелерди иликтөөгө аракеттер жасалды. Профессор Х.Карасаевдин кыргыз тили илимине жана анын этимологиясына кошкон салымы жөнүндө баяндалат.
НАКЫЛ КЕПТИН РУХАНИЙ БАЙЛЫГЫ
Тарбия берүүдө элдик макал-лакаптардын, накыл сөздөрдүн маани-маңызын окуучуларга түшүндүрүүнүн мааниси чоң. Бул илимий макала кыргыз элинде элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүсү болгон макал-лакаптар, накыл сөздөр, залкар ойлор жана улуу акылман инсандар тууралуу жана окуучулардын сөз байлыгын өстүрүүдөгү накыл сөздөдүн ролу, орду тууралуу сөз болмокчу.
PROCESS OF ASSIMILATION IN ENGLISH, KYRGYZ (RUSSIAN) LANGUAGES
The process of assimilation takes part a significant role in any language, therefore awareness of this process helps teachers to prevent difficulties in learning the English language. The following research enables to define the problems, related to the mastery of pronunciation, and it also helps to make an appropriate selection of phonetic and phonological challenges, which enables to work out a learning system of the sounds and necessary system of exercises.
ЯЗЫК И ЯЗЫКОВАЯ КУЛЬТУРА КОЧЕВОГО НАРОДА
В данной статье рассматриваются вопросы о традиционных знаниях и культуре языка кыргызского народа, что каждый народ имеет свою историю и культуру и что под культурой подразумевается красота мыслей и слов. Хранителем культуры является народ и через его сознания она передается из поколения в поколение.
ОРУС ТИЛДҮҮ МЕКТЕПТЕРДЕ ТЕКСТ МЕНЕН ИШТӨӨНҮН ЫКМАЛАРЫ
Бул илимий макала орус мектептериндеги окуучуларга билим берүүдө текст менен иштөөнүн ролу, алардын кебин өстүрүү, таза, так, туура сүйлөө компетенттүүлүктөрүн арттыруу жолдорун аныктоо менен кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, үрп-адаттарын, каада-салттарын текст аркылуу үйрөтүү маселеси тууралуу сөз болот.
НЕМИС ТИЛИНДЕГИ ЖАНДООЧТОРДУН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ КОЛДОНУЛУШУ
Бул макалада жандоочтордун маанисине токтолуу. Немис тилинде төрт жөндөмөдө кеӊири колдонуу. Кыргыз тилинде бул мамилелер жөндөмө мүчөлөрдүн жардамы аркылуу берилет. Бардык жандоочтор немис тилинде төрт группага бөлүнөт.
КЫРГЫЗ ЖАНА КОРЕЙ ТИЛДЕРИНДЕГИ АЙРЫМ ЖАРДАМЧЫ ЭТИШТЕРДИН СЕМАНТИКАЛЫК МААНИСИ
Макалада кыргыз жана корей тилдериндеги айрым жардамчы этиштердин кыймыл-аракетти билдирүүдѳгү семантикалык маанилери иликтѳѳгѳ алынды. Кыргыз жана корей тилдериндеги жардамчы этиштердин татаал конструкциядагы семантикасы кѳпчүлүк учурларда окшош, алар кыймыл-аракеттин толук иштелишин, кайталанышын, созулушун, тездигин, бир жакты кѳздѳй багытталышын билдирет.
КЫРГЫЗ ЖАНА КОРЕЙ ТИЛДЕРИНДЕГИ ЖАРДАМЧЫ ЭТИШЕРДИН САЛЫШТЫРМА ТИПОЛОГИЯСЫ
Макалада кыргыз жана корей тилдериндеги жардамчы этиштердин салыштырма типологиясы изилденет.
Кыргыз жана корей тилдеринде лексикалык маанинин калыптануусунда биринчи компонент жардамчы этиш менен тең укукта болот жана эки компонент тең татаал этиштин семантикасынын калыптанышында бирдей функцияны аткарышат. Бирок сѳз жасоо функциясынан алып караганда экѳѳнүн ортосунда чоң айырмачылык бар.
АНГЛИС ТИЛИНДЕГИ КУБАНЫЧ, БАКЫТ ЖАНА ЫРАХАТТАНУУ СЕЗИМДЕРИН БИЛДИРГЕН ФРАЗЕОЛОГИЯЛЫК БИРДИКТЕРДИН КЫРГЫЗ ЖАНА ОРУС ТИЛДЕРИНДЕ БЕРИЛИШИ
Бул макалада англис, орус жана кыргыз тилдериндеги кубаныч, бакыт жана ырахат сезимдерин билдирген фразеологиялык бирдиктерге семантикалык анализ жасалды. Эмоция кичиталаасы түзүлүш-маанилик жагынан каралып, ар түрдүү тилдердеги фразеологиялык бирдиктерге мисал келтирилди.