#1, 2022
ФИЛОЛОГИЯ
ИННОВАЦИОННЫЕ ТЕХНОЛОГИИ ОБУЧЕНИЯ ИНОСТРАННЫМ ЯЗЫКАМ В УСЛОВИЯХ ПАНДЕМИИ
Статья посвящена вопросу использования различных компьютерных технологий в обучении иностранному языку. Данная статья является разработкой портрета педагога цифровой среды как носителя цифровых компетенций педагога-практика XXI века, на основе проведенного исследования, и выявление уровней владения этими компетенциями при переходе на онлайн-обучение в условиях пандемии. Новизна представленного исследования заключается в разработке портрета педагога цифровой образовательной среды, актуализированного переходом на онлайн-обучение в условиях пандемии.
КӨРКӨМ ТЕКСТТЕ БАШТЫН АКЫЛ-ОЙ, АҢ-СЕЗИМ, МАКСАТ-МИЛДЕТ БУЛАГЫ КАТАРЫ МҮНӨЗДӨЛҮШҮ
Макалада Ш.Абдырамановдун “Тагдыр” романынан мисалдарды алып, талдап чыккан үзүндүлөрдө баш сөзү дененин зарыл, аздектелчү, жогорку бөлүгүнүн номинанты катары колдонулду. Анын негизин денотативдик мазмун, физиологиялык-анатомиялык, психологиялык маани түзөт. Мында баш сөзү туюнткан психикалык маанилердин репрезентацияланышына көңүл бөлүп, талдоого аракет жасалды.
Ж.САДЫКОВДУН “САЯКБАЙ” ПОЭМАСЫ
Макалада Ж.Садыков алп манасчы Саякбайдын көркөм образын түзүүгө аракеттенген. Саякбайдын жаңы кастетин, мурда ачыла бербеген адамдык сапаттарын көрсөтүүгө басым жасайт. Поэмада Саякбайдын Манасы өзүнүн көркөмдүк бүтүндүгү, таасир этүү күчү, окуялардын жыйынтыктуулугу, образдын кеңири чечмелениши жагынан гана айырмаланбастан, бийик доошко ээ болгон трагедиялуулугу менен да айырмаланарын көрөбүз.
С.БАЙГАЗИЕВ МАНАС ТААНУУЧУ
Макалада адис-педагог С.Байгазиев жаштарды туура тарбиялоо үчүн кыргыз эли калыптандырган даяр жолго-улуттук каада-салттарга, анын ичинде сөз кадырлаган өнөргө, сөз маанисин сыйлаган улуу муундун нарк-насилине багыталууга кийинки муунду тарбиялоо маселеси каралат. Манас баш болгон элдик мурастарда айтылып келе жаткан идеяларды коомчулукка жайылтуу жана түшүндүрүү иштери чечмеленет.
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА АДАМ УКУГУ
Бул макаланын максаты - юридикалык кызматты аркалаган студенттердин билим деңгээлин жогорулатып, коммуникативдик сабаттуулугун өстүрүү менен алардын байланыштуу кебин өркүндөтүп,укук чыгаруучулук, укук колдонуучулук, укук коргоочулук органдарында, сот ѳндүрүшүндѳ, укук тармагында оозеки сүйлѳѳгѳ, жазуу ишин жүргүзүүгѳ адистиги боюнча мамлекеттик тилдеги адабияттарды окуп түшүнүүгѳ жардам берет.
ЛЕКСИКАНЫН ТАРЫХЫЙ ЖАКТАН КУРАЛЫШЫ
Бул илимий макаланын негизинде төмөндөгүдөй тыянак чыгарууга болот, тилдеги сөздөрүн баардыгы “лексика” башкача айтканда биздин лексиконубузду байытыш үчүн кандай иш аракеттер керек, ал эми бул жарайандар качан башталары өзүбүздүн колубузда экендигин баса белгилеген. Адабий тилдин биринчи жана негизги шарты катары, анын жазуу жүзүндө берилишин эсептөө зарылдыгына тыянак чыгарылат. Өзүнүн жазуу системасы бар элдерде гана жазма адабий тил өнүгүшү мүмкүн. Кыргыз эли, өзүнүн кыйла кылымдык өнүгүү тарыхында ар кайсы жазуу системаларынан пайдаланып келгендигине карабастан, улуттук жазмасына Октябрь революциясынан кийин гана жетишти. Демек, кыргыз жазма адабий тили советтик түзүлүштүн жемиши болуп эсептелип, андан соң профессионалдык жазма маданиятыбыз өнүккөндүгүн өз алдынча төрт этап менен ырааттуулукта бере билгендиги белгилеп кетүү абзел.
Ата-бабабыз бизге көөнөрбөс көркөм мурасыбызды, сөз казынасынын бай мурасын негиздегенин, ошондон улам, биз дүйнөдө теңдши жок эпикалык чыгармаларды поэтикалык негизде жаратканыбыз лексикабыздын бай тарыхын негиздеп тургандыгынан кабар берет. Аларды окуп үйрөнүү, аң-сезимибизди, тилибизди байытуу элибиздин негизги милдети экендиги милдеттендирилген.. «Өнөр алды кызыл тил»-деп калкыбыз сөз өнөрүн жогору баа берип, улуу сөздү, балбан сөздү, чечендикти бийик туткандыгы макалада кеңири камтылган.
ТИЛДЕРДИН ЛЕКСИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Бул жазылган эмгекте Алтай тилдер уячасына кирген тил өзгөчөлүктөрүнө кеңири изилдөө иштнри жүргүзүлгөн. Тилдеги сөздөрүн лексикалык өзгөчөлүктөрүнө мисал келтирүү менен илктөөгө жүргүзүлгөн. Бирок, тил өнүгүш үчүн лексиконду байытыш керек, ал эми бул жарайандар качан башталары өзүбүздүн колубузда. Адабий тилдин биринчи жана негизги шарты катары анын жазуу жүзүндө берилишин эсептөө зарылдыгына тыянак чыгарылат. Өзүнүн жазуу системасы бар элдерде гана жазма адабий тил өнүгүшү мүмкүн. Кыргыз эли өзүнүн кыйла кылымдык өнүгүү тарыхында ар кайсы жазуу системаларынан пайдаланып келгендигине карабастан, улуттук жазмасына Октябрь революциясынан кийин гана жетишти. Демек, кыргыз жазма адабий тили советтик түзүлүштүн жемиши болуп эсептелет.
Ата-бабабыз бизге көөнөрбөс сөз казынасын мурастап берип кетиптир. Аларды окуп үйрөнүү, аң-сезимибизди, тилибизди байытуу биздин милдет. «Өнөр алды кызыл тил»-деп калкыбыз сөз өнөрүн абдан барктаган. Ошон үчүн «Манас» сыяктуу улуу эпосту жаратып кетишкен. Бирок, барган сайын бай тил казынабыздын кунун кетирип, көркөм сүйлөө жагынан өксүтүп жатканыбыз тууралуу айтылат.
МАХАТМА ГАНДИНИН ӨМҮР БАЯНЫНЫН БАШТАПКЫ УЧУРУ
Макалада Индиядагы улуттук боштондук кыймылдын лидери, идеологу, индиялык залкар инсандардын бир Мохандас Карамчанд Гандинин өмүр баянынын баштапкы мезгили иликтѳѳгѳ алынган. Изилдѳѳдѳ Махатма Ганди өз өмүр жолунун баштапкы доорунда кыйла кемчиликтерди кетиргенин, турмуштук ачуу сабактарды алгандыгы да кѳрсѳтүлгѳн.. Махатма Ганди Түштүк Азиянын жана Түштүк Африканын демократиялуу келечеги үчүн күрөшкө опол тоодой салым кошкон залкар инсандардын бири. Бул чаккан изилдѳѳдѳ адамдарды талыкпаган кара күчтүн жана руханий машыгуулардын аркасында өзүн өзү башкаруунун, өз сезимдерин жана каалоолорун контролдоонун натыйжасына жетишүүгө чакырган улут лидери Махадма Гандинин ѳмүр жолунун баштапкы мезгилиндеги турмуштун оор сыноолору да чагылдырылган. Ошондой эле Индияда туулуп, мекениндеги британдык мектептерде билим алгандыгы баяндалган.
ТЕОРИЯ И ПРАКТИКИ ПЕРЕВОДА КАК ОСНОВА ИССЛЕДОВАНИЯ КОМПЬЮТЕРНОЙ ТЕРМИНОЛОГИИ
Поскольку теория перевода является основной теорией нашего сопоставительно-переводческого англо-кыргызского исследования, мы рассмотрели тенденция развития теории и практики перевода, связанными как с английским, так и с кыргызским языками в языковом пространстве Кыргызстанав данной статье. Методология и методы теории и практики англо-кыргызского перевода специальной терминологии на сегодня остается неразработанной и для решения этих переводоведческих проблем англо-кыргызского перевода предстоит ввести огромную работу по их исследованию нам.Для того, чтобы выяснить какие теоретико-практические вопросы переводоведения затрудняют нам применение разрабатываемой нами переводческой методологии. Мы уточнили наше понимание компьютерно-технологического термина и охарактеризовали его сущностные лингво-переводческие признаки.
“ИНИМЕ КАТТАН” УЛУТТУ САКТООНУН ФИЛОСОФИЯСЫНА ЧЕЙИН (С.Байгазиевдин публицистикасы жөнүндө)
Макалада Советбек Байгазиевдин чечмелөөсүндөгү адам, табият, цивилизация кагылышы жөнүндөгү, социалдык-педагогикалык, философиялык публицисттик ишмердүүлүгү, ааламдык маселелер жана инсандын өз алдынчалуулугу жөнүндөгү публицисттин көз карашы, ой-жүгүртүүлөрү талдоого алынып, басып өткөн өмүр жолуна анализ жасалат.
ШАХАНОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН КӨРКӨМӨЛҮК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ ШАХАНОВ ШЫҒАРМАЛАРЫНЫҢ КӨРКЕМДІК ЕРЕКШЕЛІГІ
МақаладаҚазақстан және Қырғыз Республикаларының халық жазушысы, қазақтың биік тұлғасы Мұхтар Шахановтың Желтоқсан көтерілісін зерттеп-зерделеудегі еңбегі атап өтіледі. Автордың осы тақырыпта жазылған “Желтоқсан эпопеясы” атты деректі романы мен бірнеше өлеңдеріне талдау жасалады. Қазақ жастарының қайсар ұлттық рухын бейнелеудегі өзіндік ерекшелігі мен қаламгерлік шеберлігі сөз болады.
ТИЛ СЫРЫ- АДАМЗАТТЫН ЭҢ АБАЛКЫ ЖАНА ЭҢ ТАТААЛ КУПУЯ СЫРЛАРЫНЫН БИРИ
Макалада тил –пикир алышуунун гана негизги куралы катары каралбастан, тил улуттук маданияттын казынасы катары бааланары жана тили менен улут өзүнүн өзгөчөлүгүн , кайталангыс экендигин көрсөтүп тургандыгы макалада чагылдырылат.
ПРИМЕНЕНИЕ СРАВНИТЕЛЬНОГО АНАЛИЗА В ПРЕПОДАВАНИИ КЫРГЫЗКОГО ЯЗЫКА
В статье рассматриваются имена прилагательные в киргизском и русском языке. Проводится сравнительный анализ данной части речи в обоих языках. В связи с тем, что русский язык относится к флективным языкам, а кыргызский к агглютинативным, наблюдаются расхождения между ними, т.е. дивергентные явления. И потому выявление дивергенции значительно облегчает усвоение материала.
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН ӨНҮГҮШҮ ЖАНА АЛАРДЫН КООМДУК ПРОЦЕССТЕРГЕ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРЛЕРИ
Ааламдашуу доорундагы маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен кыргыз журналистикасы маалыматтарды даярдоонун, таркатуунун интенсивдүү жолдорун өздөштүрүү аркылуу улам бир жаңы баскычка көтөрүлүп, жаңылануу жолунда тынымсыз изденүүдө. Заман талабына жараша жарандык коомчулуктун мамлекеттик саясатка, өлкөнүн ар тараптан өнүгүү багыттарына жана коомдогу оң жана терс жагдайларга түздөн-түз кийлигишүүлөрү тикелей ММКлардын, социалдык медиа тармактардын жардамы аркылуу ишке ашып жатат. Акыркы мезгилдеги бир катар резонанстуу окуялардын чечилишине коомчулуктун кийлигишүүсү өзүнүн оң натыйжаларын берип жаткандыгы кыргыз элинин жарандык активдүүлүгүнөн кабар берет. Медиа тармагындагы аудитория менен тыгыз байланыш, тигил же бул коомдук процесстерде көпчүлүктүн пикирин эске алуу менен иш алып баруусу кандайдыр бир деңгээлде бийликтин демократиялык негиздерге таянып иш алып бара жаткандыгы катары кубаттоого арзыйт.
БААТЫРДЫК ЭПОСТОРДОГУ ЖАР ТАНДОО: КААДА-САЛТ ЖӨРӨЛГӨЛӨРҮНДӨГҮ МИФОЛОГИЯЛЫК, АРХАИКАЛЫК ЭЛЕМЕНТТЕР ЖАНА РЕАЛДУУЛУКТУН АЙКАШЫ
Макалада баатырдык эпостордогу жар тандоодо каада-салт жөрөлгөлөрүндөгү мифологиялык, архаикалык элементтер жана реалдуулуктун айкашы тууралуу сөз болот. Баатырдык эпостордун сюжетиндеги үндөштүктөр бир нече алкакта жайгашуусу менен эпикалык чыгармадагы баатырдын үйлөнүү мотивинин эң абалтан бери калыптанган бирден-бир уңгулуу мотивдерден экендигин көрсөтүлөт. Элдик миф, легендалардагы кудайлар (грек, индус), жарым кудайлар (грек, индус, монгол, иран), дивалар (түркмөн, азербайжан, иран) мифологиялык жана реалдуулуктун ортосундагы өткөөл эпикалык доордун каармандары, Сибирь, түрк, монгол, жалпы эле Орто Азия элдеринин эпикалык мурастарында негизги мотивдердин бири экендигин белгилөө ушул алкактагы эпостордун дээрлик көпчүлүгүндө атайын калыпка салынгандай бир системалуулук бар экендиги далилденет. Ошондой эле элдик чыгармалардагы үйлөнүү мотивиндеги тигил же бул кырдаал-шарттардан жаралган окуялар, белгилүү бир элементти сактап, бири-бирине өтүп келгени дагы эпикалык доорго таандык экендиги далилденет.
ТҮРК ТИЛДҮҮ ЭЛДЕРДИН ЭПИКАЛЫК ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ ҮЙЛӨНҮҮ МОТИВИНДЕГИ ЭПИТЕТ, САЛЫШТЫРУУ, ГИПЕРБОЛА, МЕТОНИМИЯ
Макалада эпикалык чыгармалардагы салыштыруу, гиперболалык салыштыруу, кайталоо, метафора, аллегориянын берилиши, ошондой эле эпикалык чыгармаларда туруктуу үлгү катары колдонулган жыш уйкаштыктагы аллитерациялык ыкманын популярдуулугу тууралуу сөз болот. Мындан тышкары макалада айрым учурда редифтердин да жыш колдонулгандыгы, жыш редиф адатта тирадалык мүнөзгө өтүп, строфикалык кайталоого, же синтаксистик параллелизмге алып келүү менен классикалык үлгүдөгү эпикалык чыгармаларда туруктуу колдонула тургандыгы айтылат. Эң урунттуу маселелерге токтолуу менен эпикалык чыгарманын стилинин алкагынан чыгып, андагы туруктуу форма жана формула, поэтикалык көркөм каражаттардын ар кыл арсеналы колдонулаарын, функциясын карап келип, ар бир теманын негизинде өнүккөн мотивировкаларды деталдуу түрдө чечмеленет. Эпикалык чыгармалардагысалттуу образдар түрк тилдүү элдердин эпикалык мурастарында белгилүү бир деңгээлде типтүүлүктү жаратып, параллелдүүлүккөээ экендиги далилденет.
ОБОЗНАЧЕНИЕ ВРЕМЕНИ В ЯЗЫКОВОЙ КАРТИНЕ МИРА
Время является базовым понятием в философии и физике. Время является одной из координат материи (реальности, не зависящей от человеческого сознания), а также временного пространства, простирающегося до физического слоя мировой линии. Форма согласования объектов, сменяющих друг друга во времени. Необходимо различать объективное время, измеряемое частью пути небесных слоев, и субъективное время, основанное на восприятии времени. Время не повторяется: все процессы и природные явления происходят в одном и том же состоянии только один раз. Значимость данной статьи заключается в том, что она отвечает на актуальнейшие вопросы, решение которых позволит более практично и рационально подготовить специалистов, не только понимающих язык, а и владеющих им на более высоком уровне, что позволит им быть правильно понятыми при презентации бизнеса либо других переговорах различного уровня.
“НАЙМАН” ПОЭМАСЫ – МАДАНИЯТТЫН АҢ-СЕЗИМИ БОЛГОН МИНИ ЭПОС
Кыргыз адабиятын сынчыл көз караш менен изилдеген эмгектер жок эмес, бирок ошондой болсо да эгемендик жылдарындагы тема басаңдап калганы чындык.Өзгөчө акыркы он жылдын ичинде канчалаган адабий чыгармалар жаралды. Тилекке каршы аларды адабий сын көз караш менен анализдегендер өтө эле аз. Тарыхый доорубуздун адабияты менен учурдун заманбап адабиятын синхрондуу изилдөө бир жактан коомузбундун жашоо турмушун жакшыраак аңдоого жардам берсе, экинчи жактан жазуучу же акындын чыгармачылыгынын убагында бааланышына шарт түзөт. Коомубуздун белгилүү акыны Бактыгүл Чотурованын“Найман” поэмасы–социалдык турмушта биз жоготуп бара жаткан эң жогорку баалуулуктарды чагылдырган кийинки мезгилдердеги мыкты чыгарма.
Бул макалада акын Бактыгүл Чотурованын “Найман” поэмасын сюжеттик-композициялык, каармандардын типтик өзгөчөлүгү жана тема, идея, проблемасы жагынан сын көз караш мененкарап,анализдөөгө аракет жасалды.
ЖОЖдордо ЗАМАНБАП АНГЛИС ЛЕКСИКАСЫН ТАЛДОО ЖАНА ИНТЕРНЕТ СӨЗДҮКТӨРҮН КОЛДОНУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ
Макалада лексиканын формалдуу жана семантикалык жактарын изилдөөдө сөздүктөрдүн ар кандай түрлөрүн, анын ичинде Интернет сөздүктөрүн лексикалык талдоонун мүмкүнчүлүктөрү чагылдырылат. Бул максатта өзгөрмө парадигматикалык дизайндын ар кандай этектери үчүн мотивацияны изилдеп жатканда, ошондой эле жаңы сөздөрдү жана маанилерди иштеп чыгуудагы өзгөрүүлөрдү талдоодо сөздүктөрдөн кандай маалымат алууга болору көрсөтүлөт.
ЧЕТ ТИЛДЕРИН ОКУТУУДА МААЛЫМАТТЫК-КОММУНИКАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУ
Макалада маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын түзүлүшү жана алардын заманбап университеттерде чет тилин окутуудагы ролу талкууланат. МКТнын каражаттары:
- окуучулардын таанып билүү активдүүлүгүн өрчүтүүгө мүмкүндүк берет,
- окуу үчүн оң мотивацияны камсыз кылат;
- билимге, билгичтиктерге жана жөндөмдөргө контролдуулукту жакшыртат
DEVELOPMENT OF ACADEMIC WRITING SKILLS IN NON-LINGUISTIC UNIVERSITY STUDENTS
The main approaches, stages and didactic possibilities of mastering the skills of academic writing by students of a non-linguistic university from the point of view of teaching are considered in this article.
ИСПОЛЬЗОВАНИЕ ПРИЕМОВ И МЕТОДИК ИЗУЧЕНИЯ АНГЛИЙСКОГО ЯЗЫКА В СМЕШАННЫХ ГРУППАХ, ГДЕ ОБУЧАЮТСЯ ИНОСТРАННЫЕ СТУДЕНТЫ
Данная статья рассматривает приемы и методики изучения английского языка в вузах Кыргызстана, где обучение проходят иностранные студенты из зарубежных стран, и где преподавание ведется на русском или на кыргызском языке.