Казиева Кыял Кенжебековна
СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВДИН ПУБЛИЦИСТИКАЛЫК ЭМГЕКТЕРИНДЕГИ ЖАҢЫЧА ИЗДЕНҮҮЛӨР
Публицист Советбек Байгазиевдин публицистикалык чыгармаларындагы жаңычылдыктар жөнүндө сөз болот. “Чыңгызга карышкырдан кат”, “Катастрофа алдында ачылган сыр”, “Улутум кыргыз, урааным Манас” (дискуссия) сыяктуу публицистикалык чыгармаларындагы дискуссия формасы – публицистикадагы коомду ынандыруунун өзгөчө түрү катары бааланат. Советбек Байгазиевдин өз оюн коомго жеткирүү чеберчилиги талданат.
МАНАС» МЕНЕН Ч.АЙТМАТОВДУН БИРДИКТҮҮ УЛУУ ДҮЙНӨСҮ С.БАЙГАЗИЕВДИН ПУБЛИЦИСТИКАСЫНДА
Макалада Советбек Байгазиевдин залкар жазуучу Ч.Айтматов менен “Манас” эпопеясы туурасындагы изилдөөлөрү жөнүндө сөз болот. Манас менен Ч.Айтматовдун рухий байланышы публицисттин философиялык көз карашынынын деңгээлинде чечмеленет. XXI кылымдагы “Манас”эпопеясынын идеологиялык баалуулугу Айтматовдун Манас жөнүндөгү улуу ойлору аркылуу аныкталат.
“ИНИМЕ КАТТАН” УЛУТТУ САКТООНУН ФИЛОСОФИЯСЫНА ЧЕЙИН (С.Байгазиевдин публицистикасы жөнүндө)
Макалада Советбек Байгазиевдин чечмелөөсүндөгү адам, табият, цивилизация кагылышы жөнүндөгү, социалдык-педагогикалык, философиялык публицисттик ишмердүүлүгү, ааламдык маселелер жана инсандын өз алдынчалуулугу жөнүндөгү публицисттин көз карашы, ой-жүгүртүүлөрү талдоого алынып, басып өткөн өмүр жолуна анализ жасалат.