Иманакунова К. Ш.
КЫРГЫЗ МАКАЛДАРЫНЫН ДИДАКТИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ
Бул илимий макалада макалдардын жаштарга билим-тарбия берүүдө дидактикалык материал катары ролу чоң экендиги жана макалдардын түз жана кыйыр мааниде чечмеленээри мисалдардын негизинде көрсөтүлүп берилген. Макалдарда философиялык, дүйнө-таанымдык, этностук, этномаданияттык, этнопсихологиялык аспектилер менен катар жаш муундар үчүн терең таалим-тарбиялык, дидактикалык өзөк маселелер да камтылган.