Турпанова Ж. А.
КӨЧМӨН КЫРГЫЗ ТУРМУШУНУН «ЖАҢЫЛ МЫРЗА» ДРАМАСЫНЫН ҮЛГҮСҮНДӨ
Окуучуларга көчмөн кыргыз турмушун «Жаңыл Мырза» драмалык чыгармасынын негизинде окутуу. Драманын өзгөчөлүгүн аныктоо, жанрдык аспектте драманы талдоого үйрөтүү. Интерактивдүү методду пайдалануу менен окуучунун ар тараптуу ой жүгүртө билүүсүн, ойлорун аргументтештирип, далилдүү айтып берүүгө, өз пикирин далилдөөгө, драмалык чыгармаларга тарыхый көз караштан баа берүүгө үйрөтүү.