Хасан Барборос .

    Хасан Б...,
ИНДУСТРИЯ 4.0 МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН МАЗМУНДУК АНАЛИЗ ЫКМАСЫНДА ТАЛДАНЫШЫ
Страницы:7-14      Язык:  lorem    DOI:

Өндүрүш өткөн доордо бар болгондой эле келечекте дагы улана берет. Бирок бул улануу эч качан бири-бирине окшобойт. Билим жана өнүгүп жаткан технологиялар бул айырмачылыкты күн сайын жаңыртып, кийинки муундарга өткөрүп берет. Бул өндүрүштөрдүн этаптарынын бири индустриялык өндүрүш болуп саналат. Индустриялык өндүрүш тарыхта да өзгөрүлүп, өзүнө ылайыкташып келген. Жакынкы мезгилге чейин үч жолу индустриялык төңкөрүш болуп өттү. Азыркы учурда индустрия 4.0 төңкөрүшү болуп жатат. Ушул себептен 2019-жылы жана андан кийин индустрия 4.0 программасына байланыштуу жазылган диссертациялардын, макалалардын жана докладдардын мазмунун талдап, изилдөө тенденцияларын аныктоону максат кылдык. Бул багытта тиешелүү адабияттар жыйналып, тандалып, изилдөө ишибизде 4 магистрдик  диссертация, 17 макала жана 2 доклад анализденди. Бул изилдөөлөр максаты, ыкмасы, мисалдары, маалыматтарды чогултуу куралы, ачылыштары жана натыйжалары боюнча анализ кылынды. Алынган маалыматтар таблицада көрсөтүлдү. Изилдөөнүн эң көрүнүктүү натыйжалары: Индустрия 4.0 трансформациясынан кийин жумушсуздук күчөйт, заводдор/машиналар акылдуу болуп, жаңы бизнес чөйрөлөрү пайда болот. Ал эми мындай өзгөрүүнү иш жүзүнө ашыра албаган мамлекеттер чоң экономикалык жоготууларга дуушар болушат. Изилдөө маалыматтарынын негизинде ар кандай сунуштар айтылды.

Полный текст