Абдышова Зарина Абдиназаровна

    Толубаева Г.М., Абдышова З.А., Нурмаматова М.Т.,
ИРАН-ТАЖИК ТИЛДЕРДЕН ӨЗДӨШТҮРҮЛГӨН СӨЗДӨРДҮН ҮНСҮЗ ТЫБЫШТАР АРКЫЛУУ ЫҢГАЙЛАНЫШЫ
Страницы:7-14      Язык:  lorem    DOI:

Макалада иран-тажик тилдеринен мааниси жактан өзгөрүлүп өздөштүрүлгөн сөздөрдүн үнсүз тыбыштар аркылуу кыргыз тилине ыңгайланышы иликтөөгө алынды. Мезгилге жараша өзгөрүүгө дуушар болгон абалын объективдүү түрдө аңдаштырып чыгуу зарылчылыгы пайда болот эмеспи.Кыргыз тилине оошкон иран-тажик сөздөрү кыргыз тилине багынып, анын эсебинен өзүнүн алгачкы маанисин  өзгөртүп жибергенин байкоого алып, бул кубулуштардын түрдүүчө жүзөгө ашырылышы тууралуу кеп козголот.

Полный текст

    Мураталиева У.Т., Айтибаева Ж.К., Абдышова З.А.,
ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫНДА КЫРГЫЗ ТИЛИ САБАГЫНДА ТЕКСТ МЕНЕН ИШТӨӨНҮН ЫК-ЖОЛДОРУ
Страницы:96-101      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2022-1(2)-96-101

Макалада кыргыз тилин  жогорку окуу жайларында окутууда текст менен иштөөнүн ык-жолдорун көрсөтүп, бул предметти  окутуунун негизги максаты текстти жазуу жана сүйлөө кебиндеги адабий норманы калыптандырууга токтолуп, күнүмдүк сабакта тексттер боюнча иштөөдө интерактивдүү усулдарды колдонуу менен сабактын ырааттуулугун, студенттердин  сабакка болгон кызыгуусун жаратып, кыргыз тилинин тилдик өзгөчөлүктөрүн активдүү үйрөтүү менен оозеки жана жазма кебинин сабаттуулугун, активдүүлүгүн арттыра  тургандыгы тууралуу кеп козголот.

Полный текст

    Абдышова З.А., Ызабекова Д.А.,
ПРЕДМЕТ МЕНЕН ТИЛДИ ИНТЕГРАЦИЯЛАП ОКУТУУНУН НЕГИЗИ КАТАРЫ ТЕКСТ (ТУТАШ, ТУТАШ ЭМЕС ТЕКСТТЕР) МЕНЕН ИШТӨӨНҮН АЙРЫМ ЫКМАЛАРЫ
Страницы:176-181      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2023-1(2)-176-181

Макалада учурда мектеп окуучусуна зарыл болгон текст менен иштөө көндүмүн, окуучуларын окуу көндүмдөрүн жогорулатууда туташ эмес тексттер менен иштөөнүн айрым ыкмалары тууралуу сөз болот. Башталгыч класстан эле окуу көндүмдөрүнүн калыптандыруу үчүн PISAнын программасында колдонулган туташ эмес окуу-илимий тексттерин тексттин түрү менен иштөө зарылдыгы белгиленди. Башталгыч класстын окуучуларына кыргыз тили сабагын математика менен интеграциялап окутууда туташ эмес тексттер менен иштөөнүн мисалы сунушталды. 4-класстын кыргыз тили сабагында “Кыргыздын узундук чен бирдиктери” деген туташ эмес текст менен иштөөдө башталгыч класстын окуучуларынын текстти кабылдоо, айкын жана айкын эмес маалыматты табуу жана интерпретациялоо көндүмдөрүн калыптандырууга жана кыргыз элинин улуттук баалуулугун таанууга жардам берет. 

Полный текст