Алтынбек кызы Сезим
АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН ӨНӨР ЖАЙЛАРЫНЫН ӨНҮГҮШҮНҮН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ
Бул макалада Ат-Башы районунун өнөр жайынын өнүгүшү, кѳйгѳйлѳрү жана келечеги тууралуу маалыматтар келтирилди. Ат-Башы районунун экономикасында негизги тармак болуп айыл чарбасы, анын ичинен мал чарбасы эсептелет. Дыйканчылык айыл чарбада экинчи маанилүү тармак. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн дээрлик бардык шарттар бар жана жылдан-жылга ѳнүгүп жатат. Ат-Башы районунда бүгүнкү күндѳ тамак-аш өнөр жайынын ичинен эт комбинаты, нан азыктарын жасоочу наабайканалар, цехтер, жеңил өнөр-жай тармагында чакан тигүүчү цехтер, кийим жана бут кийим оңдоочу жайлар, курулуш өнөр-жай тармактары иштейт.