Рысбаев Сулайман Казыбекович
БАТА – ТИЛЕК, КААЛООЛОРДУН ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАЛЫК МААНИСИ
Кыргыздын улуттук руханий баалуулуктарынын бири бата сөздөрү болуп саналат. Макалада мына ошол бата сөздөрүнүн турмуштук маани-маӊызы чечмеленген. Анын күндөлүк турмуштагы колдонуу учурлары, шарттары тууралуу кенен маалыматтар камтылган. Бата сөзүнүн касиетине, элибиздин нарк-насилиндеги ордуна баа берилип, бата берүү каадалары ачыкталган жана бата сөздөрүнүн бир канча элдик мисалдары келтирилген.