Жумалиева Р. Б.
ОКСЮМОРОНДУК СӨЗ АЙКАШЫНДАГЫ СЕМАНТИКАЛЫК КАРАМА-КАРШЫЛЫК
Оксюморон – карама-каршы маанидеги сөздөрдүн айкашынан түзүлгөн стилистикалык ыкма, башкача айтканда айкашпай турган сөздөрдүн айкашы. Оксюморондук сөз айкаштарында өнүгүү закондорунун бири-логиканын карама-каршылык закону чагылдырылган. Бул закон оксюморондук сөз айкаштарынын структуралык түзүлүшүндө чоң роль ойнойт. Бул кызыктуу процесс карама-каршылыктардын дал келүүчүлүгүнүн жыйынтыгы.