Талиева К. А.

    Талиева К.А.,
БААТЫРДЫК ЭПОСТОРДОГУ ҮЙЛӨНҮҮ МОТИВИНДЕГИ УЙКАШТЫКТАР
Страницы:40-45      Язык:  lorem    DOI:10.33514/BK-1694-7711-2021-2(2)-40-45

Макалада эпостордо үйлөнүү мотивиндеги уйкаштыктар тууралуу сөз болот. «Манас», «Семетей», «Эр Төштүк» эпостору жана «Гүлгаакы», «Олжобай менен Кишимжан» поэмаларындагы  сюжеттик өнүгүүгө жараша ар кандай тематикалык алкакта жаралган башкы каармандардын портреттерин чагылдырган көркөм каражаттар үйлөнүү мотивиндеги кыз-жигиттин ортосундагы ысык, жакын мамилени туюндуруудагы  үндөштүктөр, ошондой эле эпикалык чыгармаларда туруктуу үлгү катары колдонулган жыш уйкаштыктагы аллитерациялык ыкманын популярдуулугу  далилденет. Ал эми поэтикалык көркөм каражаттар дээрлик  уйкаштык үчүн эле, көркөмдүүлүк үчүн эле куюлушуп турбастан, архаикалык, магиялык күчтөрдү да айкын чагылдырып, түпкү мааниси абалкы доорлорго барып такалары тууралуу сөз болот.  Мындан тышкары  уйкаштык адатта тирадалык мүнөзгө өтүп, строфикалык кайталоого, же синтаксистик параллелизмге алып келээри жана классикалык үлгүдөгү эпикалык чыгармаларда туруктуу колдонулары тууралуу айтылат.

Полный текст

    Талиева К.А.,
ЭТНОГРАФИЧЕСКИЕ ЭЛЕМЕНТЫ В МОТИВЕ ЖЕНИТЬБЫ
Страницы:45-51      Язык:  lorem    DOI:10.33514/BK-1694-7711-2021-2(2)-45-51

Макалада элдик эпостордо этнографиялык элементтердин архаикалык баскычынын сүрөттөлүшү  жана андан сырткары тарыхый турмуштук окуялардын чагылдырылышы, үйлөнүү мотивиндеги  этнорафиялык сүрөттөөлөр – кыз оюндагы улуттук оюндар, жамбы атыш, кыз куумай, төө чечмей, ордо ж.б. оюндары, баатырдын үйлөнүү мотивиндеги үндөштүктөр чыгармадагы  чагылдырылган этнографиялык элементтертууралуу сөз болот. Элдик мурастардын сюжетиндеги тарыхый сүртүмдөр көп мезгилдер  аралыгында көркөм чыгарма таризинде гана кабылданып келгенине карабастан – «Манас» үчилтигинде, «ЭрТөштүк» – эпостордогу этникалык байланыштар, кыргыздардын алгачкы саясий, экономикалык, дипломатиялык иш-чаралары, кыргыздардын соода байланыштары, үй тиричилигине керектүү септеги буюм-тайым оокаттары жөнүндө кенен-кесири сүрөттөлгөндүгү,  эл аралык катнаштардын тынымсыз болгондугунун тарыхый изинин элестеринде сакталып келгендиги далилденет. Аны деталдуу, жандуу кылып сүрөттөп биздин күнгө жеткирген манасчылардын  улуу касиеттери тууралуу айтылат.

Полный текст

    Талиева К.А.,
БААТЫРДЫК ЭПОСТОРДОГУ ЖАР ТАНДОО: КААДА-САЛТ ЖӨРӨЛГӨЛӨРҮНДӨГҮ МИФОЛОГИЯЛЫК, АРХАИКАЛЫК ЭЛЕМЕНТТЕР ЖАНА РЕАЛДУУЛУКТУН АЙКАШЫ
Страницы:85-89      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/ВК-1694-7711-2022-1 (1)-85-89

Макалада баатырдык эпостордогу жар тандоодо каада-салт жөрөлгөлөрүндөгү мифологиялык, архаикалык элементтер жана реалдуулуктун айкашы тууралуу сөз болот. Баатырдык эпостордун сюжетиндеги үндөштүктөр бир нече алкакта жайгашуусу менен эпикалык чыгармадагы баатырдын үйлөнүү мотивинин эң абалтан бери калыптанган бирден-бир уңгулуу мотивдерден экендигин көрсөтүлөт. Элдик миф, легендалардагы кудайлар (грек, индус), жарым кудайлар (грек, индус, монгол, иран), дивалар (түркмөн, азербайжан, иран) мифологиялык жана реалдуулуктун ортосундагы өткөөл эпикалык доордун каармандары, Сибирь, түрк, монгол, жалпы эле Орто Азия элдеринин эпикалык мурастарында негизги мотивдердин бири экендигин белгилөө ушул алкактагы эпостордун дээрлик көпчүлүгүндө атайын калыпка салынгандай бир системалуулук бар экендиги далилденет.  Ошондой эле элдик чыгармалардагы үйлөнүү мотивиндеги тигил же бул кырдаал-шарттардан жаралган окуялар, белгилүү бир элементти сактап, бири-бирине өтүп келгени дагы эпикалык доорго таандык экендиги далилденет.     

Полный текст

    Талиева К.А.,
ТҮРК ТИЛДҮҮ ЭЛДЕРДИН ЭПИКАЛЫК ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ ҮЙЛӨНҮҮ МОТИВИНДЕГИ ЭПИТЕТ, САЛЫШТЫРУУ, ГИПЕРБОЛА, МЕТОНИМИЯ
Страницы:90-95      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/ВК-1694-7711-2022-1 (1)-90-95

Макалада эпикалык чыгармалардагы салыштыруу, гиперболалык салыштыруу, кайталоо, метафора, аллегориянын берилиши,  ошондой эле эпикалык чыгармаларда туруктуу үлгү катары колдонулган жыш уйкаштыктагы аллитерациялык ыкманын популярдуулугу  тууралуу сөз болот. Мындан тышкары макалада айрым учурда редифтердин да жыш колдонулгандыгы, жыш редиф адатта тирадалык мүнөзгө өтүп, строфикалык кайталоого, же синтаксистик параллелизмге алып келүү менен классикалык үлгүдөгү эпикалык чыгармаларда туруктуу колдонула тургандыгы айтылат. Эң урунттуу маселелерге токтолуу менен эпикалык чыгарманын стилинин алкагынан чыгып, андагы туруктуу форма жана формула, поэтикалык көркөм каражаттардын ар кыл арсеналы колдонулаарын, функциясын карап келип, ар бир теманын негизинде өнүккөн мотивировкаларды деталдуу түрдө чечмеленет. Эпикалык чыгармалардагысалттуу образдар түрк тилдүү элдердин эпикалык мурастарында белгилүү бир деңгээлде типтүүлүктү жаратып,  параллелдүүлүккөээ экендиги далилденет.

Полный текст

    Талиева К.А., Садыкбек к.Ж.,
ЭПИКАЛЫК ЧЫГАРМАЛАРДА ҮЙЛӨНҮҮ МОТИВИНДЕГИ ЖОМОК, ЛЕГЕНДАЛАРДЫН БЕРИЛИШИ ЖАНА ПРОЗАЛЫК ЧЫГАРМАЛАРДА ТРАНСФОРМАЦИЯЛАНЫШЫ
Страницы:45-51      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/BK-1694-7711-2022-1(2)-45-51

Түрктилдүүэлдердинэпикалыкмурастарындабиркатарсалттуумотивдероруналган. Мисалы, баатырдынтөрөлүүсү, үйлөнүшүж.б. Макаладакаракалпак, алтай, өзбек, казак, кыргызэлдеринетаандык«Алпамыш», кыргыздардын«ЭрТөштүк», калмактардын«Жангар», бурят, монгол, тибеттиктердин«Гэсэр» ж.б. эпосторундагыүйлөнүүмотивитууралуусөзболот. Булэпостордобаатырдынжебашкыкаармандардынтөрөлүүсүөзгөчөсыйкырдуу, фантастикалуу. Алардынобраздарыгиперболалуу, көбүндөколдоочуларыбар, кудайданкийинкикатмардажаралганобраздар. Каармандардын жаны кайсы бир жерде же жаныбарда сакталатышы менен зооморфтук, фантастикалык салттуулуктарга бай. Ал эми баатырдын үйлөнүшүндө перинин кызына же укмуштуу фантастикалык касиет-сапатка ээ. Өзгөчө айымдарга ашык болуу, ага жетүү үчүн бир катар кыйынчылыктарды баштан кечирүү сындуу салттуулуктар сакталган. Мына ошол салттуу окуяларды чагылдырууда ар бир элдин эпикалык мурастарындагы салттуулуктун сакталуу даражасы, андагы айтуучунун кийирген өзгөчөлүктөрү, ар бир элдин айырмалуу мүнөздөрү, үйлөнүү салтындагы пайдаланылган легендалар, жомоктук мотивдердин берилиши, алардын профессионалдуу адабиятта, б.а. Ч.Айтматовдун романдарында трансформацияланышын анализге алуу максатын көздөдүк. Кыргыз прозасында эпикалык мурастарда колдонулган легендалар, уламыштар, жомоктор кайрадан иштелип чыгып, азыркы адамдын ички мүмкүнчүлүктөрүн  ойготкон нравалык, моралдык, философиялык нуска катары берилери талданат.

Полный текст